Редакцияот 19.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V-сессиясынын отурумунун токтому

 

2025-жылдын 19-февралы № 22

 “Кулунду айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы сугат суу ирригация системаларын Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө”

              Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын                             29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207-токтомуна, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын                   11-майындагы №2/161 буйругунун, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги V-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, V-сессиясынын отурумунун №5-протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагындагы узуну 9,727 км, жер аянты 1,523 га болгон айыл чарба багытындагы сугат суу ирригация системаларын (арык, латок, канал ж.б) Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
  2. Ушул токтомго ылайык укук берүүчү документтерди каттоо жагы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сүлүктү-Лейлек филиалынан суралсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.А. Досов