Редакцияот 19.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V-сессиясынын отурумунун токтому

 

2025-жылдын 19-февралы № 23

“Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынын №6 контурунан 35,0 га жерин Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берүүжөнүндө”

 

Кулунду айылдык Кеңештин кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, жана 5-сессиянын №5-протоколунун чечиминин 4-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын түштүк тарабындагы №6 контурдагы бак багытындагы 35,0 га жерин Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
  2. Келишим шарттарын 3 жыл аралыгында аткарбаса мыйзамга ылайык бир тараптуу жокко чыгарылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

А.А. Досов