КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V-сессиясынын отурумунун токтому
2025-жылдын 19-февралы № 27
“Кулунду айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын жылдык иш планын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу” жөнүндө мыйзамынын жана Кулунду айылдык кеңешинин Регламентинин негизиндеКулунду айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №5-протоколунун чечиминин 1-2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн Типтүү иш планы бекитилсин.
2. Кулунду айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | А.А. Досов |
Тиркеме №1
“Бекитемин”
Кулунду айылдык кеңешинин
төрагасы:__________А. Досов
Токтом №_____ “____”________2025-жыл
Кулунду айылдык кеңешинин 2025-жылга Типтүү иш планы
| I квартал |
| ||||||
№ п\п | Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү күн | Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы М. Жусупова
Тиркеме №2
“Бекитемин”
Кулунду айылдык кеңешинин
төрагасы:__________А. Досов
“____”______________2025-жыл
Кулунду айылдык кенешинин Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо
боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жыл үчүн түзүлгөн ИШ ПЛАНЫ
№ |
Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда карала турган маселенин аталышы |
Отурумду өткөрүү күнү | Каралып жаткан маселелер боюнча кыскача маалымат | Каралуучу маселенин жооптуу адамы (мекеме-нин, уюмдун жетекчиси) | А/К туруктуу комиссиясы, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү | Жыйынтык | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1. | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын иши |
Январь
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселе менен толук таанышып чыгуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 1) 2024-жылга айыл аймагынын СЭӨП, КСКП талкуулоо боюнча чогулуштарга, коомдук угууларга катышууга; 2) 2025-жылы аткарылган иштерге талдоо жасоо үчүн айыл өкмөттөн, ААнын чегинде жайгашкан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан зарыл болгон материалдарды, маалыматты суратып алууга; 3) жерине барып, аткарылган иштер менен таанышууга; 4) 2025-жылга СЭӨП, КСКП долбоорлорунда шайлоочулардын өтүнүчтөрү боюнча маселелерди тактоого; 5) аталган маселе менен толук таанышып чыгууга багытталган башка чараларды көрүүгө. | АӨ башчысы, АӨ башчысы-нын орун басары, ФЭБ жетекчиси, А/Ө адистери, А/Анын чегинде жайгашкан ишканалар-дын, мекемелер-дин жана уюмдардын жетекчи- лери. |
Маселе бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралат жана алардын корутундулары жер жана агрардык маселе боюнча туруктуу комиссияга (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталат) жөнөтүлөт (эгерде туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышы өткөрүлсө, анда туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышынын бирдиктүү корутундусу даярдалат).
| Каралып жаткан маселе боюнча материалдар-ды туруктуу комиссия-нын жыйналыш ына даярдоо, корутунду-ну А/Ктын туруктуу комиссиясынын жыйналышына даярдоо. | Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга катышуусу.
|
2. |
Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы 2025-жылга иш планын түзүү. |
Январь |
Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө.
|
Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
| Маселе бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралат жана алардын корутундулары жооптуу туруктуу комиссияга (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталат) жөнөтүлөт.
| Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссия-нын жыйналышына даярдоо, корутунду-ну А/Ктин сессиясына даярдоо. | Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга катышуусу.
|
3. |
Айылдык кеңештин туруктуу Комиссиялары-нын жыйналыштары | Жыйналыш өтчү күн – 2025-жылдын 1-кварталы | Аймактын СЭӨП, 2025-жылга КСКП долбоору боюнча АӨ башчысын (же АӨ башчысынын орун басарын) алдын-ала угуу А/Ө даярдаган СЭӨП, 2025-жылга КСКП долбоорун талкуулоо; Пикирлерди жана сунуштарды кошуу. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү корутунду кабыл алуу.
| АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ жетекчиси, АӨ адистери, ААнын чегинде жайгашкан ишканалар-дын, мекемелер-дин жана уюмдардын жетекчилери. | Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын жооптуу мүчөсү Б. Абдуллатип уулу комиссиянын бардык корутундуларын жалпылаштырат, материалдарды жана корутундуну (чечимди) даярдайт, туруктуу комиссиянын жыйналышында баяндама жасайт.
| Туруктуу комиссия (жооптуу болгону) бирдиктүү корутунду даярдайт жана аны А/К сессиясынын кароосуна чыгарат. Жооптуу катчыга А/К токтомунун долбоорун даярдап, А/К сессиясында каралганга чейин (1 ай мурда) аны маалыматтык такталар, веб-сайттар, ЖМК аркылуу коомдук талкууга чыгарууну тапшырат. | Жергиликтүү жамааттын СЭӨ Программасынын, БАПтын долбоорун талкуулоо боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышына жарандар жана башка кызыкдар адамдар катышат |
4. |
Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо. |
Февраль | 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): - Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; - 20__-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; - Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; - жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. |
Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы (же башчынын орун басары)
| Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы ( сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).
| Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, А/К сессияларына катышуусу. |
5. | Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фонду (АЖМФ)жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо |
Февраль | Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда).
| АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясы-нын төрагасы
| Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).
| Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, А/К ачык сессияларына катышуусу |
6. |
Муниципалдык менчикти башкаруу |
Февраль | Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): -Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; - Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. Монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда | А/Ө башчысы (же А/Ө башчысынын орун басары | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (муниципалдык менчик маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУА нын мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, А/К ачык сессияларына катышуусу |
7. | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдаланууда-гы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылданды-руу, көчө жарыгынын абалы тууралуу
|
Март | Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын (муниципалдык ишкана болсо, анын жетекчисинин) маалыматын угуу: - жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча - жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, - жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу | А/Ө башчысы,А/Ө башчысынын орун басары(зарыл болгон учурда Ми жетекчиси | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, А/К сессияларына катышуусу. |
8. |
Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери,жер казынасы |
Апрель | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын), - архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча). АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): - Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо - Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо | А/Ө башчысы (башчынын орун басары) А/Ө гө караштуу жер комиссия-ларынын төрага- лары,архитектуура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макул- дашуу боюнча) | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип,айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу.Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУА нын Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга А/К сессияларына катышуусу.
|
9. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу |
| Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу. Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу | А/Ө башчысы (башчы-нын орун басары | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, А/К сессияларына катышуусу |
10 | Кулунду айыл өкмөтү тарабынан келген каттар жана жарандардан түшкөн арыздар боюнча кароо | Ар дайым | Кулунду айыл өкмөтү тарабынан келген каттар жана жарандардан түшкөн арыздар боюнча кароо | А/Ө башчысы (башчы-нын орун басары, жер адистери | Айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
|