КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы
2023-жылдын 17-октябры № 1
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында жайгашкан № 21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү жана негизги корпусунун жарыктандыруусун жаңылоо жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында жайгашкан № 21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү жана негизги корпусун жарыктандыруусун жаңылоо, Жалал-Абад өнүктүрүү фондуна долбоорго сунуштоо боюнча Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Арапбай уулу Азим-Шахтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Үнкүр айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы токтом кылат:
1.Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында жайгашкан № 21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү ,корпусунун жарыктандыруусун жаңылоо долбоору приоритеттүү долбоор деп белгиленсин.
2.Демилгечи топтун чогулушу тарабынан шайланган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3.Долбоордогу көрсөтүлгөн 4538,0 (Төрт миллион беш жүз отуз сегиз миң) сом акча каражатын 2024-жылкы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун бюджетинен төлөп берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдын аткарылышы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчы Н.Өсөровго жүктөсүн.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kgрасмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров Т.А |