Редакцияот 01.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 1-августундагы № 35

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине кошумча план кылып киргизүү жөнүндө

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражатына дем берүүчү гранттан утуп алган долбоордун өздүк салымы үчүн эл тарабынан төгүлгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXIIшайланышынын) кезексиз чакырылган XVIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражатына дем берүүчү гранттан утуп алган долбоордун өздүк салымы үчүн эл тарабынан төгүлгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн 14411100 беренесине 190,0 мин сомду жана аппараттын чыгаша бөлүгүнүн 3112 беренесине 190,0 мин сомду кошумча план кылып киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы

 

У.Токтожумаев