ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XVIII сессиясы
2023-жылдын 1-августундагы № 34
“Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө
Карагулов Мирлан Канатбековичти «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү үчүн Тогуз-Торо айылдык Кеӊештин депутатты А.Тилеманбетовдун корутундуларын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо районун мурунку акими Карагулов Мирлан Канатбековичти райондун социалдык –экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн жакынкы арада боло турган майрамдык салтанаттарга карата «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын.
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы |
| У.Токтожумаев |