Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 токтомуна)
Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) риелтордук фирманын агентинин сертификатын алуу укугуна талапкерлигин койгон Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк рыногунда иштеген жеке жакты окутуу жана аттестациядан өткөрүү жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - ушул Тартипке ылайык аттестациядан өтүүгө өтүнмө берген жеке адам;
2) аттестациялоо - кыймылсыз мүлк рыногунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн өтүнмө ээсинин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн ырастоонун жол-жобосу;
3) сертификат - өтүнмө ээсинин риелтордук кызматтарды көрсөтүүгө квалификациясын ырастоочу документтик күбөлүк;
4) жооптуу орган - риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациялоо жол-жоболорун камсыз кылуучу орган;
5) аттестациялык комиссия - риелтордук фирманын агентинин сертификатын берүү үчүн өтүнмө ээсин аттестациядан өткөрүү боюнча жооптуу орган тарабынан түзүлгөн орган;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - риелтордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
2-глава. Риелтордук фирманын агентин окутуу
3. Риелтордук фирманын агентин окутуу жооптуу орган тарабынан риелтордук иш чөйрөсүндө курстарды уюштуруу аркылуу жүргүзүлөт.
4. Окутуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууну, ижарага алууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын изилдөө;
2) кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу тартиби;
3) сатуу, маркетинг техникасы;
4) кыймылсыз мүлк рыногун талдоо методологиясы жана ага мониторинг жүргүзүү;
5) кыймылсыз мүлк объекттеринин рыноктук наркын аныктоо (кыймылсыз мүлктү баалоо);
6) риелтор кесибине сүңгүп кирүү, документтерди регламенттөө, бүтүмдөрдү уюштуруу, кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү салык салуу;
7) курулуштун жана архитектуранын негиздери.
5. Окутуу акы төлөнүүчү негизде онлайн жана оффлайн форматта жүргүзүлөт. Окутуу үчүн акынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жооптуу орган тарабынан белгиленет.
6. Окутуу жооптуу органдын окуу-тематикалык пландарына, программаларына ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Аттестациялоонун негизги принциптери, максаттары, милдеттери
7. Аттестациялоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: аттестациянын системалуулугу, ачыктыгы, объективдүүлүгү, басмырлоого жол бербөөсү, таасирдүүлүгү жана мыйзамдуулук.
8. Аттестациялоонун максаты риелтордук фирманын агентинин кесиптик квалификациясын ырастоо, Кыргыз Республикасында риелтордук ишти жүзөгө ашырууга билим деңгээлин жогорулатууга дем берүү болуп саналат.
9. Риелтордук фирманын агентин аттестациялоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кесиптик компетенттүүлүгүнүн шайкештигин белгилөө;
2) квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын аныктоо;
3) кыймылсыз мүлк рыногунда бүтүмдөрдү жана операцияларды жасоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
4) риелтордук фирманын агентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө ишеним деңгээлин жогорулатуу;
5) агенттердин ортосундагы толеранттуулук деңгээлин жогорулатуу.
4-глава. Аттестациялоону жүргүзүү
10. Аттестациялоо өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча анын кесиптик квалификациясынын шайкештигин ырастоо жана риелтордук фирманын агентинин сертификатын алуу үчүн жүргүзүлөт.
11. Аттестациялоо риелтордук фирманын агентинин баштапкы жана учурдагы квалификациясын (кайра аттестациялоону) ырастоочу болушу мүмкүн. Сертификаттын жарактуу мөөнөтү беш жыл.
12. Аттестациялоо акы төлөө негизинде өтүнмө ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. Аттестациялоо үчүн акынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жооптуу орган тарабынан белгиленет.
13. Аттестациялоо жооптуу орган бекиткен программага жана графикке ылайык жүргүзүлөт. Бекитилген график аттестацияны өткөрүү датасын, убактысын жана ордун камтыйт жана жооптуу органдын расмий сайтына жарыяланат.
14. Аттестациядан өтүү үчүн документтердин пакети:
1) 1-тиркемеге ылайык өтүнмө;
2) жалпы орто жана/же орто кесиптик жана/же жогорку кесиптик билими жөнүндө аттестаттын (дипломдун) көчүрмөсү;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) риелтордук фирманын сунуштама каты.
15. Көрсөтүлгөн документтер электрондук форматта жооптуу органдын расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук дарекке да берилиши мүмкүн.
5-глава. Өтүнмө берүүчүлөргө коюлган талаптар