Загрузка документа…
|
|
2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
мамлекеттик программасы
2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы климаттык тобокелдиктерди кошо алганда, социалдык-экологиялык факторлорду эске алуу менен аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун (өнүгүүнүн алдыда турган аймактарын) түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууну карайт.
Региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармактык пландаштыруунун, облустардын, райондордун, айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана жер-жерлердеги миграциялык кырдаалды эске алуу менен аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун өз ара байланышын билдирет.
Региондорду өнүктүрүүдө болгон көп жылдык проблемалардын жана аймактарды башкарууга карата тармактык мамиленин натыйжасыздыгынын фонунда Мамлекеттик программаны кабыл алуу зарылдыгы бышып жетилди. Программанын максатын, комплекстүү мүнөзүн, көп тараптуу күч-аракеттерди жана убакыт менен каражаттарды сарптоону эске алуу менен программа 2025–2030-жылдарга иштелип чыкты жана артыкчылыктарды кайра карап чыгууну жана ар бир беш жылда иш-чаралар пландарын иштеп чыгууну карайт.
Региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы региондорду өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын ишке ашыруу механизмин – региондорду өнүктүрүүнү пландаштыруунун жана башкаруунун төмөнкүдөй негизги параметрлерге ылайык келген комплекстүү системасын сыпаттайт:
– социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштырууну жана экологиялык тобокелдиктердин таасирин эске алуу менен мейкиндик пландаштырууну айкалыштырган пландаштыруу системасынын комплекстүү мүнөзү;
– пландаштыруунун бүтүндүгү – пландаштыруу деңгээлдерин өлкөнүн бирдиктүү максаттуу көрсөткүчтөрүнө негизделген бирдиктүү системага бириктирүү;
– учурдагы экономикалык байланыштарга, кабыл алынган “урбанизацияланган аймактар – өсүүнүн драйверлери”, “өзгөчө көңүл бурулуучу аймактар” мамилелерине ылайык пландаштыруу региондорун ирилештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
– бирдиктүү улуттук маалымат базасына жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары – АМC) таянган системанын санариптик мүнөзү;
– жер жана башка жаратылыш ресурстарын башкарууда балансты камсыз кылуу, калктын бардык топторунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн пландаштыруу процессине мамлекеттин катышуусу жана контролдоосу;
– жалпы улуттук кызыкчылыктар менен айрым аймактардын жана анда жашаган калктын кызыкчылыктарынын ортосундагы баланс;
– жергиликтүү жана региондук деңгээлдерде пландаштыруу системасынын жана процессинин ачыктыгы жана инклюзивдүүлүгү.
Региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн негизги милдеттери:
– социалдык чөйрөдө – адамдын жашоо сапаты;
– экономикалык чөйрөдө – чектелген коомдук жана жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдалануу;
– экологиялык чөйрөдө – коомду социалдык-экономикалык өнүктүрүү, табигый жана антропогендик мүнөздөгү табигый кырсыктардын алдын алуу процессинде айлана-чөйрөнү сактоо, ошондой эле сектордук жана аймактык өнүктүрүү пландарын ишке ашырууда климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин минималдаштыруу.
Ченемдик укуктук базада жана стратегиялык мамлекеттик документтерде региондорду өнүктүрүүгө байланышкан негизги түшүнүктөрдүн жоктугун эске алуу менен программа негизги түшүнүктөрдүн аныктамаларын камтыйт.
Мейкиндикти пландаштыруу – мейкиндикте ишти келечектеги бөлүштүрүүгө таасир этүү үчүн колдонулган мамлекеттик башкаруу методдорунун жыйындысы. Мейкиндикти пландаштыруу жерди пайдалануунун кыйла рационалдуу аймактык уюмун түзүү жана анын ар кандай формаларынын ортосундагы өз ара байланышты, өнүгүүнүн муктаждыктарын айлана-чөйрөнү коргоо зарылдыгы менен теңдештирүүнү камсыз кылуу жана социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү максатында жүзөгө ашырылат. Ал региондор арасында экономикалык өнүктүрүүнү кыйла тегиз бөлүштүрүүгө жетишүү үчүн башка секторлордо жүргүзүлүп жаткан мейкиндикти өнүктүрүү жаатындагы саясаттын кесепеттерин координациялоо, мындай болбогон учурда диспропорцияларга дуушар болот жана жер менен менчикти пайдалануунун ар кандай түрлөрүнүн өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу боюнча чараларды камтыйт.
Регион – бул окшош жана бири-бирин толуктап турган өнүгүү потенциалына, жалпы ички жана тышкы байланыштарга ээ аймактардын (облустардын, райондордун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) жыйындысы. Регион конкреттүү чөйрөдө же бир нече чөйрөнүн (теманын) жыйындысында пландаштыруунун, таасир этүүнүн объекти болуп саналат.
Транспорттук байланыштуулук – көптөгөн параметрлер боюнча өлчөнүүчү өлкөнүн жана региондун мейкиндиктик жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүнөздөмөсү, алардын ичинен негизги болуп региондордун жана калктуу конуштардын транспорттук жеткиликтүүлүгү, жүрүүнүн маршруттук ылдамдыгы, ошондой эле ташуулардын наркы жана ыңгайлуулугу эсептелет.
Инклюзивдик пландаштыруу – аялуу топтордун түрүнө карабастан алардын келечектеги абалына таасир этүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик башкаруу методдорунун топтому.
§ 1. Региондордун өнүгүүсүнө кыскача сереп
Мамлекеттин стратегиялык максаты өлкөнүн аймагынын байланыштуулугун бекемдөө, артта калган аймактарды өнүктүрүүгө дем берүү жана өнүгүү деңгээлдерин теңдөө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018–2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу мезгилинде автомобиль жолдорун, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарын жана мекемелерин түзүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. Донордук уюмдардын колдоосу менен калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер башталган. Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча программалар кабыл алынган.
Ошондой эле калктын Интернетке жеткиликтүүлүгү жакшырды, жарандардын мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө баруусунун кереги жок болгон санариптик технологиялардын жардамы менен жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча алгачкы кадамдар жасалган.
Региондорго пландаштыруу маселелери боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүлдү, өсүү борборлору болгон 20 пилоттук шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары кабыл алынган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүктүрүүнүн финансылык-экономикалык негизи түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жана райондорунда региондук өнүктүрүү фонддору иштеп жатат.
Дотациялык калктуу конуштарда ачылган өнөр жай жана инновациялык ишканалар үчүн салыктык өзгөчө жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү кошо алганда, региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттер жумшалды.
Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү үчүн мыйзамдарга машина-трактордук станцияларга, соода-логистикалык борборлорго жана айыл чарба кооперативдерине салык салуунун өзгөчө жеңилдетилген режимин берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр да киргизилди. Ата мекендик өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга иштин түрлөрү боюнча 80 пайызга азайтуу менен кошумча нарк салыгын төлөө боюнча өзгөчө жеңилдиктер берилди.
Натыйжада биринчи кезекте жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган. Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо, таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өнөр жай ишканалары, текстиль жана тигүү тармагындагы жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар ишке киргизилди, энергиянын альтернативдүү булактарын иштеп чыгуунун үлүшүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан өлкөнүн региондору боюнча 300дөн ашуун жаңы ишкана ачылган.
2021-жылы миграциялык процесстерди турукташтырууга, миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду жумшартууга жана минималдаштырууга жана социалдык, экономикалык, билим берүү, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасын жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө мигранттардын, диаспоралардын жана мекендештердин инвестицияларын тартуу боюнча механизмдерди киргизүүгө багытталган 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясы кабыл алынган.
Жүргүзүлгөн иштерге карабастан системалык өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен ресурстук колдоону талап кылган негизги проблемалар сакталууда.
§ 2. Региондорду өнүктүрүүдө диспропорциялар
Калк жана эмгек рыногу. Кыргыз Республикасынын аймагы тоолуу рельефинен улам бирдей эмес жердештирилген. Туруктуу калктын орточо жыштыгы 1 кв. километрге 35 адамды түзөт. Эң жыш жайгашкан Чүй өрөөнү, аянты боюнча өлкөнүн аймагынын 10,2 пайызын ээлейт, мында калктын жыштыгы 1 кв. километрге 107 адамды түзөт. Кыргызстандын салыштырмалуу жыш отурукташкан аймактарына Ош облусу жана Ош шаары кирет (1 кв. километрге 61 адам), анда калктын 25,8 пайызы жашайт. Башка облустарда калктын жыштыгы төмөнкүлөрдү түзөт: Баткен жана Жалал-Абад – 1 кв. километрге тиешелүүлүгүнө жараша 33 жана 38 адам, Талас облусунда – 24 адам. Калктын жыштыгы төмөн калк аз отурукташкан облустар болуп Нарын – 1 кв. километрге 7 адам жана Ысык-Көл (1 кв. километрге 12 адам) саналат.
2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 7161,9 миң адамды түздү, анын ичинде 2496,9 миң адам шаарда жана 4665,0 миң адам айыл жергесинде жашаган калк. Акыркы 5 жылда республиканын калкынын саны 638,4 миң адамга өстү.
Акыркы 5 жылда (2018-жылдан 2022-жылга чейин) экономикалык активдүү калктын саны 6,9 пайызга өстү жана 2712,7 миң адамды түздү. Экономикалык активдүү калктын санынын негизги үлүшү Ош облусуна (23,6 пайыз), Бишкек шаарына (18,9 пайыз) жана Жалал-Абад облусуна (13,6 пайыз) туура келет. Экономикалык активдүү калктын саны 3,8 пайызга же 7,5 миң адамга азайган Баткен облусу менен 1,9 пайызга же 7,1 миң адамга азайган Чүй облусун кошпогондо, 2018-жылдан тартып бардык региондордо экономикалык активдүү калктын санынын өсүшү байкалууда.
Жумуштуулук деңгээлиндеги диспропорциялар 20 пайыздан ашат. Алсак, жумуштуулуктун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда (48,9 пайыз), эң жогорку деңгээли – Ош облусунда (68,7 пайыз).
2022-жылы жүргүзүлгөн улуттук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча калктын жалпы санынын ичинен 1 094,5 миң адам өзүнүн туруктуу жашаган жеринде убактылуу жок экендиги, мында 857,6 миң адам (50 пайызэркек жана 50 пайыз аял) эмгектик миграцияда өлкөнүн чегинен тышкары жүргөндүгү аныкталган, бул экономикалык активдүү калктын санынын болжол менен 32 пайызын түзгөн.
Ошондой эле 2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча эмгекке жарамдуу курактагы болжол менен 113,0 миң кайтып келген мигрант (66пайыз – эркектер жана 34пайыз – аялдар) эсептелген. Мобилдүүлүктү көзөмөлдөө матрицасынын (МКМ) маалыматтарына ылайык эмгек мигранттарынын кайтып келүүсүнүн саны боюнча Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустары алдыда, мында МКМ ылайык кайтып келген мигранттардын 31пайызы гана жергиликтүү эмгек рыногуна жумушка орношот.
Макроэкономика. 2019-жылдан 2024-жылга чейин Кыргыз Республикасында экономиканын туруктуу өсүшү байкалган: 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде ички дүң продуктунун (мындан ары – ИДП) жылдык орточо өсүшү 4,2 пайызды түздү. COVID-19 пандемиясы экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизди, бирок кийинки үч жылда (2021–2023-жылдары) экономика жылдык орточо жогорку өсүштү 7,8 пайыз деңгээлинде көрсөттү, бул негизинен учурдагы түзүлгөн геосаясий кырдаалдын (реэкспорт) аркасында мүмкүн болду.
Бирок экономиканын өсүшү региондор боюнча бирдей эмес, бул облустар боюнча байкалат. Алсак, ИДПны өндүрүүнүн негизги үлүшү (78,0 пайыз) Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын жалпы үлүшү 22,0 пайызды түзөт. Көрсөтүлгөн облустарда ИДПны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү олуттуу үлүштөр Жалал-Абад облусунун аймагында республикада иштелип чыккан электр энергиясынын болжол менен 90,0 пайызы өндүрүлгөндүгүнө, Ысык-Көл облусунда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча ишканалар жайгашкандыгына, Чүй облусунда ири өнөр жай ишканалары жайгашкандыгына байланыштуу. Бишкек шаарында ири ишканалар жайгашкан, чакан жана орто бизнес, ошондой эле көпчүлүк ири базарлар топтолгон. Калктын жан башына ИДП Бишкекте Ош облусуна караганда жети эсе, Жалал-Абад жана Нарын облустарына караганда төрт эсе көп.
Өнөр жай. Республиканын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналган өнөр жайда диспропорциялар байкалат, анын ИДПга кошкон жалпы салымы 16,0 пайызды түзөт жана 4,8 пайыз өлчөмүндө жылдык орточо өсүштү көрсөтөт. Бардык иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын дээрлик төрттөн бири (1096) Бишкек шаарында (39,5пайыз) жана Чүй облусунда (республиканын бардык ишканаларынын 624 же 22,5 пайызы) иштейт. Республиканын өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө эң көп салыштырма салмакты Чүй облусу – 45,1 пайыз, Жалал-Абад облусу – 10,9пайыз, Ысык-Көл облусу – 17,0 пайыз жана Бишкек шаары – 14,1пайыз ээлейт.
Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүндөгү аймактык диспропорциялар абдан чоң. Алсак, Чүй облусу калктын жан башына продукциянын көлөмү боюнча Баткен жана Ош облустарынан 21 эсе, Нарын облусунан жана Ош шаарынан 10 эсе ашып түшөт.
Региондорду өнүктүрүү боюнча өнөр жай чөйрөсүндөгү негизги проблемалар болуп төмөнкүлөр саналат: бардык аймактарда заманбап өндүрүш үчүн институттук жана инновациялык иштеп чыгууларды киргизүү үчүн зарыл болгон өндүрүштөрдүн, квалификациялуу адистердин жана жумушчу күчтүн бирдей эмес бөлүштүрүлүшү; транспорттук байланыштын төмөн деңгээли жана логистиканын бузулушу; тышкы рыноктор менен интеграциялоо проблемалары, анын ичинде соода тоскоолдуктары; айрым аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн энергия ресурстарынын жетишсиздиги.
Алардын адистештирилүүсүн эске алуу менен конкреттүү региондорго даректелген тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүнүн системалуу чаралары жана өнөр жай ишканаларын түзүү жана кайра ишке киргизүү үчүн зарыл шарттар жок.
Мамлекеттик колдоонун тармактык артыкчылыктары жумуш орундарын түзүү жана урбанизация деңгээлинин өсүшү үчүн айыл калкы басымдуулук кылган региондордо кошумча наркы төмөн өнөр жайдын салттуу тармактарын (тигүү өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы ж.б.) өнүктүрүүгө багытталган. Көбүрөөк кошумча наркы бар экономика, баарынан мурда инновациялык жана креативдүү экономика чөйрөсүндө, ошондой эле жогорку технологиялар чөйрөсүндө региондук адистештирүү багытында мамлекеттик колдоо жок.
Айыл чарбасы. Айыл жергесинде өлкөнүн жалпы калкынын 65 пайызы жашайт, ал эми айыл чарбасында иштегендердин үлүшү экономикалык активдүү калктын болжол менен 20 пайызын түзөт. Кыргыз Республикасынын ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү (10,9 пайыз) Россия Федерациясындагы (4,5 пайыз) жана Казакстандагы (5,3 пайыз) ушул сыяктуу көрсөткүчкө караганда эки эсе жогору, бирок Өзбекстандагыга (20,1 пайыз) караганда эки эсе төмөн жана 2019-жылдан баштап төмөндөө улантылууда.
Региондук өнүктүрүү боюнча айыл чарбасынын проблемалары өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактарда жашоо деңгээлин колдоо жана теңдештирүү үчүн өзгөчө мааниге ээ, ал жерлерде айыл чарбасы аз продуктивдүү жана атаандаштык жетишсиз бойдон калууда. Негизги экспорттук жана өздүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк проблемасы курчушу мүмкүн, айрыкча кошуна өлкөлөрдүн өздөрүнүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн берген теңдешсиз ири инвестицияларын эсепке алганда. Тоолуу региондордо, тобокелдүү дыйканчылык зоналарында финансылык туруксуздуктун жогорку деңгээли жана чакан дыйкан (фермер) чарбаларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндүгү, билим деңгээлинин жетишсиздиги, айыл чарба техникаларын, жогорку түшүмдүү үрөндөрдү, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди, башка адистештирилген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана жаңылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу байкалат.
Кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура. Региондорду бирдей эмес өнүктүрүү географиялык жайгашуусу, ошондой эле инфраструктураны жайгаштыруудагы айырмачылыктар, колдо болгон ресурстарга (анын ичинде финансылык) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө жеткиликтүүлүктүн чектелиши менен шартталган.
2019–2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча колдонуудагы “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасы калктын саламаттыгына инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо үчүн программалык-максаттуу мамилеге негизделген, милдеттердин жана чаралардын зарыл топтомун камтыйт, бирок региондук детализацияга ээ эмес жана ден соолуктун максаттуу көрсөткүчтөрүн жана ар кандай аймактар үчүн саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камтыбайт.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү саясат региондорду өнүктүрүү боюнча айрым элементтерди камтыйт, мамлекеттин күч-аракетин айрым аймактардын айрым проблемаларын чечүүгө багыттайт. Бирок чечүү үчүн аймактардын артыкчылыктуу проблемаларын тандоо системалуу эмес бойдон калууда. Региондордо көптөгөн аймактар үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган стационарларга, бир багыттагы адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү проблемасы бар. Врачтык кадрлар менен камсыз болууда олуттуу аймактык дисбаланс сакталууда: 10 миң калкка врачтар менен камсыз болуунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 22,8 жана 24,1) белгиленген. Айрым айыл жерлеринде жана жетүүгө кыйын райондордо бул көрсөткүч 10 миң калкка 7ден азды түзөт (Нарын, Жети-Өгүз, Манас райондору). Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга комплекстүү мамиле жок, анткени айрым аймактык саламаттык сактоо мекемелеринде заманбап жабдуулар бар, бирок анда иштей турган адистер жок жана тескерисинче.
Кесиптик билим берүү чөйрөсүндө орто звенодогу адистерди даярдоодо экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө (энергетика, айыл чарбасы, туризм ж.б.) боштуктар орун алууда. Мектептерде жаштарга суроо-талапка ээ жумуштук кесиптерге даярдоого багытталган кесиптик багыт көрсөтүү жетишсиз өнүккөн. Кесиптик билим берүү системасынын, анын ичинде аймактык олуттуу тең салмаксыздыгы байкалат: кесиптик лицейлердин көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде (56 пайыз); колледждердин көпчүлүк бөлүгү шаарларда (96 пайыз) жайгашкан, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында кесиптик лицейлерде берилүүчү кесиптер ушул эле региондо кесиптик орто окуу жайлары сунуш кылган кесиптер менен улантуучулукка ээ эмес жана кийинки билим берүү деңгээлинде өз адистиги боюнча окуусун улантуу үчүн кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү адистигин/адистешүүсүн алмаштырууга же көчүп кетүүгө аргасыз болушат. Айрыкча чакан шаарларда жана айыл жерлеринде кошумча кесиптик билимге жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жетүү мүмкүндүгүнүн чектелиши калктын эмгек рыногуна чыгуусу, чакан дыйкан чарбаларынын айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өз алдынча иш менен камсыз болуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн тоскоолдук болуп саналат.
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө маанилүү чечим кабыл алынды – жеке ишмердүүлүк түрүндө мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн тарбиячыларды сертификаттоонун жөнөкөйлөтүлгөн системасы иштелип чыкты. Бирок мектепке чейинки билим берүү программаларына жетүү мүмкүндүгү проблемасы курч бойдон калууда – мектепке чейинки курактагы балдардын болжол менен төрттөн бир бөлүгү камтылган. Ошол эле учурда аймактык ажырым өтө чоң: эгерде Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 39,3 пайызды түзсө, Ош облусунда болгону 23,9 пайыз. Мындай жагдай мектептик билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизүүдө, мында аймактык диспропорциялар да белгиленип, камтуу деңгээли төмөндөйт. Алсак, Баткен облусу менен Бишкектин ортосундагы орто мектептик билим берүү менен камтуудагы ажырым 2017-жылы 28 пайызды түзсө, 2022-жылы ажырым дээрлик 40 пайызга чейин өстү; Ош облусу менен Бишкектин ортосундагы ажырым 2017-жылы 32 пайыздан тартып 2022-жылы 50 пайызга чейин өстү жана бул көрүнүш бардык региондордо байкалат. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугуна карата аймактык диспропорциялар белгиленген.
Чоңдорго кошумча формалдуу эмес билим берүү чөйрөсүндөгү маанилүү өзгөрүүлөр “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамында көрсөтүлгөн, атап айтканда чоңдорго билим берүүнүн формалдуу эмес провайдерлери өткөрө турган кесиптик курстардын бүтүндөй спектрин лицензиялоонун милдеттүү шарттары жокко чыгарылды. Бирок лицензияланууга тийиш болгон курстардын тизмеси дагы эле көлөмдүү бойдон калууда, ал эми лицензиялоодон бошотуу күчүнө кире элек, ошону менен чоңдорго билим берүүнүн формалдуу эмес провайдерлеринин чоң адамдардын жана жаштардын кеңири катмарлары үчүн билим берүү кызматтарынын спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген.
Билим алууга жетүү мүмкүндүгүндөгү аймактык теңсиздиктин башка аспекттери жана проблемалары билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасынын эскиргендигин, окуу китептеринин жетишсиздигин, лабораториялык жана башка инновациялык жабдуулардын жетишсиздигин (жоктугун); демографиянын өсүшүнүн, региондордо жумуш орундарынын жоктугунан ата-энелердин ички жана тышкы миграциясынын, керектөөлөрдү эске албастан окуу жайларынын курулушунун натыйжасында региондор боюнча окуу жайларына (айрыкча балдар бакчаларына жана мектептерге) бирдей эмес жүктөмдү жана башкаларды камтыйт.
Турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө жана бюджеттик система аркылуу жетиштүү деңгээлде теңдештирилбеген башка жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө карата аймактык диспропорциялар сакталууда. 2021-жылы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону талдоо Кыргыз Республикасынын шаарларында турак-жай коммуналдык чарбаны жан башына каржылоонун деңгээлдеринин ортосундагы ажырым өтө эле чоң экенин көрсөттү. Мисалы, Кант шаарында бул көрсөткүч бир тургунга 3041 сомду, ал эми Көк-Жаңгак шаарында 223 сомду гана түзгөн, бул 14 эсеге аз. Мында жарандар үчүн бардык негизги кызмат көрсөтүүлөр – ичүүчү суу менен камсыздоо, жергиликтүү жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, таштандыларды тазалоо жана башкалар так ушул ТКЧ беренеси боюнча каржылана тургандыгын түшүнүү маанилүү. ЖӨБ айылдык органдарында да абал анча жакшы эмес: мисалы, Аламүдүн районунда ЖӨБ органдары бир тургунга 1216 сом суммасында ТКЧ каржылаган, ал эми Панфилов районунда – 109 сомго гана, бул 11 эсеге аз. Социалдык коргоого кеткен чыгымдарды каржылоодо кыйла олуттуу аймактык ажырымдар байкалат: Ак-Талаа районунун ЖӨБ айылдык органдарында бир тургунга чыгымдардын суммасы 221 сомду түзгөн, ал эми Кадамжай жана Манас райондорунда тийиштүү көрсөткүч бир адамга 10 сомду гана түзгөн, башкача айтканда 22 эсеге аз. Айрым маселелерди жергиликтүү маанидеги маселелерге максатка ылайыксыз киргизүү өзүнчө проблема болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети болуп мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү куруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында электрондук башкарууну киргизүүнү тездетүү белгиленген. Экономиканын бардык тармактарын санариптик трансформациялоо жана “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик башкаруу системасын электрондук форматка өткөрүү бюрократияны кыйла кыскартууга, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштырууга, мобилдик жана ийкемдүү мамлекетти түзүүгө жана ар кандай заманбап чакырыктарга, жарандардын жана бизнестин суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Региондорду тең салмактуу өнүктүрүү боюнча мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасын түзүү негизги мааниге ээ жана тиешелүү милдет 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясында белгиленген. 2024-жылдан тартып мейкиндик маалыматтарынын геопорталы иштеп жатат, бирок негизги каркастары – шаардык, транспорттук, энергетикалык, экологиялык каркастары жок, статистикалык катмарлар азырынча анча чоң эмес, ал эми региондордун өнүгүүсүн мейкиндиктик башкаруу максаттары үчүн чоң күч-аракет талап кылынат.
Региондордун өнүгүшүнө жана өнүгүүдөгү аймактык диспропорцияларга терс таасирин тийгизүүчү башка негизги фактор болуп Интернеттин жайылуу деңгээлинин төмөндүгү саналат. Мобилдик тармактар калктын 99 пайызын камтыганына карабастан, сапаттуу интернет баарына эле жеткиликтүү эмес. Айрыкча бул кең тилкелүү интернетке кирүү мүмкүндүгү чектелген айыл жерлерине жана алыскы райондорго тиешелүү. Бул санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга тоскоолдук кылат жана жалпы санариптештирүү процессин жана региондорду өнүктүрүүнү жайлатат.
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө жана ЖӨБ органдарында маалыматтык технологиялар боюнча адистер да, калган персоналда санариптик көндүмдөр да өтө жетишпейт. Жергиликтүү деңгээлде өнүгүүнү пландаштыруу системасын өнүктүрүү үчүн “Санарип Аймак” АМСте пландаштыруунун жана божомолдоонун санариптик модулдары жана санариптик маалыматтар өтө эле жетишсиз. Региондорду өнүктүрүү контекстиндеги проблема “чоң маалыматтарды” пайдалануу үчүн механизмдердин жана адистердин жоктугу болуп саналат.
Региондорду тең салмактуу өнүктүрүү көз карашынан алганда, региондордун жана калктуу конуштардын транспорттук жеткиликтүүлүгү негизги мааниге ээ. Тоолуу рельефке байланыштуу Кыргыз Республикасында транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту болуп саналат жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүргүнчүлөрдүн 98 пайызга жакыны жана жүк ташуулардын 96 пайыздан ашыгы камсыз кылынат. Жыл сайын 40 млн тоннага чейин ар кандай жүктөр жана 640 млн чейин жүргүнчүлөр ташылат. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында 1 837 калктуу конуш бар, алардын ичинен 1 661 калктуу конуш автобустук каттам менен камтылган, бул 90,4 пайызды түзөт, 176 (9,6 пайыз) камтылган эмес. Бирок жүргүнчүлөрдү ташуу менен камтуу байланыштуулук критерийлерине канчалык жооп берерин баалоо талап кылынат, анын ичине жолдордун сапаты жана төшөлмөсү кирет. 2024-жылы жолдордун 20 пайыздан ашыгына кара шагыл жана топурак төшөлгөн. Региондордун транспорттук байланыштуулугу изилдене элек, анын көрүнө жетишсиздиги мамлекеттик программалык документтерде проблема түрүндө баяндалган эмес жана жол тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарына киргизилген эмес.
Транспорттук байланыштуулукка Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүчү темир жолдордун транзиттик каттамдарынын жоктугу, Кыргыз Республикасынын түндүгү жана түштүгү боюнча өткөн темир жол магистралдарынын чачыранды болушу терс таасирин тийгизет.
§ 3. Аялуулук жана тобокелдиктерге туруктуулук
Экономикалык аялуулук жана жумушчу күчтү жоготуу. Ковидден кийинки акыркы жылдардагы экономикалык өсүш көбүнчө реэкспорт менен шартталган. Геосаясий кырдаал кескин өзгөргөн учурда экономикалык төмөндөө коркунучу өтө чоң жана урбанизацияланган аймактардын жана таяныч региондордун экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү жана өзгөчө көңүл буруу аймактары үчүн колдоонун жаңы механизмдерин киргизүү жолу менен аймактардын экономикалык потенциалын бекемдөө боюнча күч-аракеттерди талап кылат.
Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана эмгек рыногунун өнүгүшүнүн бир бөлүгү катары олуттуу деңгээлде эмгек миграциясына көз каранды. 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны 857,6 миң адамды түзгөн. Украинанын айланасындагы жана COVID-19 пандемиясынын убагындагы кырдаал көрсөткөндөй мигранттардан түшкөн кирешелер кескин азайган же алар массалык түрдө кайтып келген учурда, миграция өлкө үчүн аялуулукту жаратат. Алсак, 2023-жылы чет өлкөлөрдөн эмгек мигранттарынын акча которууларынын агымы дээрлик эки эсеге азайып, 173,7 млрд сомду түзгөн (2022-жылы – 255,4 млрд сом).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети миграциялык баланстын нөлдүк сальдосуна жетишүү үчүн иш-чараларды өткөрүүдө жана эмгек мигранттарын Кыргызстанга акырындык менен кайтаруу боюнча чараларды иштеп чыгууда. Ошондуктан Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жарандардын жана мигранттардын каражаттарын жер-жерлерде инвестициялык долбоорлорго инвестициялоо үчүн негиздерди түзүү каралган.
Кайтып келген мигранттарды колдоо максатында Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) тарабынан “1+1” моделине негизделген Үлүштүк гранттар программасы ишке ашырылууда. “1 + 1” программасы туруктуу жашоо каражаттарын, экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн финансылык которууларды акыл менен колдонууга жана салым салууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн убагында мигранттардын алган билимине менен көндүмдөрүнө негизделген. Кайтып келген мигранттардын бизнес-долбоорлорго инвестициялары донор тарабынан бирдей көлөмдө каржыланат. Биргелешкен каржылоого мындай мамиле мигранттардын инвестицияларынын таасирин күчөтүп, аларга бизнес-ишканаларын ачууга же кеңейтүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана жергиликтүү экономикага кыйла натыйжалуу салым кошууга мүмкүндүк берет. Программанын алгачкы жыйынтыктары бул механизм кайтып келген мигранттарга жашоого ыңгайлуу бизнести түзүү үчүн өз көндүмдөрүн жана тажрыйбасын ийгиликтүү колдонууга жардам берерин көрсөттү, бул болсо жумуш орундарын түзүүгө, кирешени көбөйтүүгө жана ишти кеңейтүүгө алып келет.
Климаттын өзгөрүшүнө аялуулук.Кыргызгидрометтин байкоолоруна ылайык бир нече жылдан бери Кыргызстанда регионго жана жылдын мезгилине жараша өзгөрүп турган климаттык өзгөрүүлөр байкалууда. Кыргызстанда март айында кыйла бат темп менен (ар бир 10 жылда орточо эсеп менен 0,8 градуска, ал эми айрым жерлерде 1 градустан жогору) жана февралда (ар бир 10 жылда орточо эсеп менен 0,4, ал эми айрым жерлерде 0,7 градуска чейин) жылыйт.
Жылдын жылуу мезгилинде, өзгөчө Кыргызстандын өрөөндүк зоналарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жылуулук толкундары сыяктуу жаратылыш кубулуштары кыйла көп байкала баштады.
Стресстин көптөгөн факторлоруна дуушар болгон Кыргыз Республикасынын аялуу тоо экосистемалары климаттын өзгөрүшүнө кыйла аялуу. Региондор экстремалдык аба ырайы кубулуштарынын жыштыгынын жана интенсивдүүлүгүнүн жогорулашына, жаан-чачындын өзгөрүшүнө жана кургакчылыктын күчөшүнө дуушар болот деп болжолдонууда. Бул таасирлер ансыз деле түгөнгөн жана ашыкча эксплуатацияланган жаратылыш ресурстарына оорчулук келтирет, ошону менен айылдык жамааттардын жана алардын жашоо каражаттарынын аялуулугун жогорулатат.
Өлкөдө табигый өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн азайышы байкалууда. Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана дарыялардын үстүңкү агымында байкалаарлык өзгөрүү болуп, ичүүчү суу менен камсыздоо тобокелдиктери көбөйүүдө. Климаттын өзгөрүшүнө кыртыштын жана жайыт жерлердин деградациясы да байланыштуу, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратат.
Сууга болгон суроо-талаптын өсүшү жана сууну натыйжасыз пайдалануу учурдагы суу ресурстарын башкарууга оорчулук келтирет. Климаттын өзгөрүшү азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына алып келүүдө, суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин коюуда, калктын ден соолугунун абалына жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Климаттын өзгөрүшү экономиканын өнүгүшүн начарлатып, көбүнчө аба ырайы катаклизмаларынан эң көп жапа чеккен, бирок глобалдык жылуулук проблемасынын келип чыгуусуна баарынан аз катышкан калктын жакыр катмарынын мойнуна кошумча жүк жүктөйт.
Айлана-чөйрөнүн аялуулугу. Региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорциялар жана региондорду өнүктүрүүнү башкаруунун натыйжалуу системасынын жоктугу табигый экосистемаларды, биологиялык жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндө тобокелдиктерди күчөтөт. Бул тобокелдиктерди башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоочу аймактары аныкталган, алар өзүнө 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын, мамлекеттик токой фондунун геологиялык парктар расмий статусу жок 2,5 млн гектар жерин камтыйт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана экосистемаларды сактоо проблемалары башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда артыкчылыктуу болуп саналбайт, пландаштыруу системасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналбайт.
Региондорду өнүктүрүүнү пландаштырууда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ландшафттарын жана табигый экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү контекстин эске алуу проблемалары маанилүү жаратылыш объекттери үчүн туристтик жүктөмдү эсептөөнүн жоктугунда көрүнөт. Жергиликтүү өнүгүү пландарында экологиялык стандарттарды эсепке алуу жок, бул экосистемалардын бузулушуна жана туристтик жагымдуулуктун жоголушуна алып келиши мүмкүн. Туруктуу токой пайдалануу жана органикалык айыл чарба принциптерин колдонуу жок, айыл чарбасын өнүктүрүү, биотүрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү стратегияларынын ортосундагы өз ара байланыштар жетиштүү иштелип чыккан эмес. Экологиялык жактан таза продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү үчүн туруктуу жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө финансылык жана консультациялык колдоо жок; продуктуларды экологиялык стандарттарга ылайык сертификаттоо системасы жетишсиз. Жергиликтүү калктын жаратылыш ресурстарын башкарууга пассивдүү катышуусу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана нааразычылыктарга алып келет, жаратылышты коргоо иш-чараларынын натыйжалуулугун төмөндөтөт; жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун натыйжалуу укуктук механизмдеринин жоктугу мыйзамсыз иштин, анын ичинде токойду мыйзамсыз кыюунун жана браконьерликтин жайылышына алып келет.
Жаратылышты коргоонун төмөн натыйжалуулугунун проблемалары курч турат: шаар куруу жана калктуу конуштарды кеңейтүү жаратылыш факторлорун жана климаттын өзгөрүшүн кошо алганда, айлана-чөйрөнүн сапатын баалоону эсепке албастан жүзөгө ашырылууда, бул экологиялык мейкиндиктин фрагментациясына жана түрлөрдүн популяцияларынын бөлүктөрү менен алардын ареалдарынын ортосундагы табигый байланыштардын жоголушуна алып келет (жаратылышты коргоо участокторунун өнүккөн тармагы түрүндөгү экологиялык каркастардын жетишсиз өнүгүшү биотүрдүүлүктүн жоголушуна жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн начарлашына алып келиши мүмкүн). Корголуучу суу экосистемаларынын чектелген аянты (рамсар жерлери) суунун булгануу, биотүрдүүлүктүн жоголуу, ал тургай экологиялык катастрофалар коркунучун жогорулатат; геологиялык парктардын расмий статусунун жоктугу алардын сакталышына жана өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн, анткени геологиялык парктарды башкаруудагы белгисиздик уникалдуу геологиялык түзүлүштөрдүн туура эмес пайдаланылышына жана бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдарга аялуулук. Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык жайгашуусунан улам көптөгөн табигый кырсыктарга дуушар болууда.
Адамзаттын өнүгүшүнүн азыркы этабында, калктын санынын, анын жыштыгынын өсүшүнүн шарттарында өзгөчө кырдаалдарга аялуулук маселеси авариялардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын санынын өсүшүнө пропорционалдуу болот, адамдардын өлүмүнө алып келүүчү жана өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүчү көрүнүштөрүнүн масштабы көбөйүүдө. Алсак, 2013-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде республиканын аймагында ар кандай мүнөздөгү 1480 өзгөчө кырдаал расмий катталган; каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жана жабыркагандардын саны 3444 адамга жеткен (анын ичинде 1356 – COVID-19 пандемиясынан); кырсыктардан болгон түз экономикалык жоготуулар – 13 млрд 336 млн сомду (ИДПдан 0,22%) түзгөн.
Бул мезгилде катталган өзгөчө кырдаалдар азайтуу тартибинде төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: сел жана суу ташкындары, кар көчкүлөр, ири өрттөр, катуу шамал, ири жол-транспорт кырсыктары, жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашына байланыштуу суу ташкындары жана башкалар.
Үшүк, мөндүр, эрте жааган кар сыяктуу коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштардан айыл чарбасында катталбаган жоготуулардын жана зыяндын саны да өтө жогору жана алар көпчүлүк учурларда катталбайт. Эксперттик маалыматтарга ылайык үшүктөн 2020-жылы эле айыл жана токой чарбаларындагы жоготуулар 450 млн сомдон ашып, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарына таасирин тийгизген.
Эсепке алынбаган жоготуулар жана зыяндар Кыргыз Республикасында табигый жана техногендик коркунучтарды изилдөөдө көп ведомстволук мамиленин сакталгандыгы, бардык тармактарда эсепке алуунун жана талдоонун системалаштырылбагандыгы менен байланышкан, бул тобокелдиктерди толук камтууну камсыз кылбайт. Коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштарга жана табигый процесстерге, иш жүзүндө оор өзгөчө кырдаалдарга алып келбеген жана камсыздандыруу учурларына киргизилбеген техногендик жана биологиялык-социалдык коркунучтарга карата эсепке алуу жана талдоо көйгөйү өзгөчө курч турат. Эсепке алынбаган жана көзөмөлдөнбөгөн мындай көрүнүштөр келечекте олуттуу зыян алып келиши мүмкүн, бул көрүнүштөрдүн пайда болуу коркунучун азайтуу боюнча иштердин комплексин уюштуруу боюнча күч-аракетти талап кылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу кризистик жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо, коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маалыматтык системалар дагы эле начар интеграцияланган.
Бул маалыматтык системалардын ар түрдүүлүгү жана көз карандысыздыгы алардын өз ара аракеттенүүсүн кыйындатат, маалыматтык-техникалык коштоого жана эксплуатациялоого жалпы финансылык чыгымдарды көбөйтөт. Ыкчамдуулук төмөндөйт, натыйжада кризиске каршы башкарууну мындай “жамаачы” маалыматташтыруу мамлекетке өтө кымбатка турат жана мүмкүн болуучу терс социалдык-экономикалык жана саясий кесепеттердин деңгээлин андан ары төмөндөтүүнү камсыз кылбайт.
Өзгөчө кырдаалдарды экономиканын бардык тармактарын жана өнүгүү чөйрөлөрүн камтыган жана геофизикалык, табигый, техногендик, социалдык жана конфликттик мүнөздөгү кооптуу процесстер жана кубулуштар менен байланышкан маселелердин кеңири спектрин козгогон өтмө багыт катары кароо зарыл.
Аймактык жана региондук деңгээлдерде тиешелүү бюджеттерди өнүктүрүүнү жана түзүүнү стратегиялык пландаштырууда өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу жана аларды жоюуга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды кароо зарыл.
§ 4. Административдик-аймактык реформа
Административдик-аймактык реформа аймактык түзүлүштү рационалдаштыруу жана оптималдаштыруу, жер-жерлерде башкаруу функцияларынын кайталанышын кыскартуу, административдик- аймактык бирдиктерди ирилештирүү (консолидациялоо), региондордун социалдык-экономикалык жана жаратылыш-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде калкка сапаттуу, жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу системасындагы түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында (мындан ары – Улуттук программа) административдик жана региондук түзүмдү жана башкарууну реформалоо региондорду өнүктүрүүдөгү чоң диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы башкаруучулук ажырымдарды четтетүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө түздөн-түз көңүл бурууга тийиш экендиги белгиленген.