Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2023-жылдын 09-февралындагы № 4

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чек айылынынын тургуну Ахмедов Хайтбай Рахманжанович жеке менчик жер тилкесин араптар тарабынан курулуп калган мечитти кошуп, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Сайдыкум айыл аймагындагы Чек айылынын тургуну Ахмедов Хайтбай Рахманжановичтин жазган арызынын негизинде жеке менчик жер тилкеси 3-02-05-1010-0185 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 305,0 кв.м жер тилкесине курулуп калган насаат үйүн муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл аймагындагы Чек айылынын тургуну Ахмедов Хайтбай Рахманжановичтин 3-02-05-1010-0185 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 305,0 кв.м жер тилкесине курулуп калган насаат үйүн муниципалдык менчикке мөөнөтсүз өткөрүлүп, пайдаланууга бекитилсин.

2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын жетекчисине сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:

 

А.Ж.Маматсаева