САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 14
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерге заманбап мөмө-жемиш сактоочу кампа куруу жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү иш-планынын негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерге заманбап мөмө-жемиш сактоочу кампа катары куруу менен дыйкандардын социалдык экономикасын көтөрүү долбоорун ишке ашыруу максатында, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясында угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү иш-планынын негизинде, CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору аркылуу, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерге заманбап мөмө-жемиш сактоочу кампа катары куруу менен дыйкандардын социалдык экономикасын көтөрүү долбоорун ишке ашыруу максатында, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал участогундагы курулуш астындагы бош жаткан 12000 кв.м жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине каттоого алынсын.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал участогундагы курулуш астындагы бош жаткан 12000 кв.м жер тилкесине, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акты даярдап берүү жагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынын директоруна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Э.И.Досов |