Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 12

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы Базаркулов Кутманбек Шайлообековичтин жеке менчигине таандык “Ак-Була” Араван пахта заводу 22275 кв.м жер аянтын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Могол айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылынын тургуну Базаркулов Кутманбек Шайлообековичтин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 30-июлундагы №0149 текшерүү актысынын, Базар-Коргон районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 12-июлундагы №28/23 каттагы шаар куруу корутундусунун, “КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ” ачык ационердик коому Жалал-Абад областтык филиалынын Базар-Коргон бөлүмүнүн 2023-жылдын 26-июнь №38 каттагы турак жай курууга каршылыгы жок экендиги жөнүндөгү корутундусунун, Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын башчысынын 2023-жылдын 27-июнундагы кортундусун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылын З.Ташматов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан 3-02-05-1008-0248 идентификациялык сыр белгиси менен катталган жаран Базаркулов Кутманбек Шайлообековичтин жеке менчигиндеги 22275 кв.м жер аянтын максаттуу багыты жаран Базаркулов Кутманбек Шайлообековичтин өз арызына ылайык өзгөртүүгө берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов