Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 9

 

“Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө”

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аркылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 58 800 (элүү сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражатын, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин алыскы жана жакынкы жайыттардын жолдорун оңдоо үчүн күйүүчү майга ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов