САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 4
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын Сай участогундагы “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомунун жаратылыш газын турак үйлөргө таркатуучу станция куруу үчүн тандалган таштуу жайыт жер аянттын которуу үчүн (трансформациялоого) Сайдыкум айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомунун 2023-жылдын 1-сентябрындагы №ТА-1077 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Ай айылынын Сай участогундагы “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомунун жаратылыш газын турак үйлөргө таркатуучу станция куруу үчүн 3500 кв.м таштуу жайыт жер аянттын, курулуш куруу категориясына которууга (трансформациялоого) тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо үчүн тийиштүү мекемелерден суралсын.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомунун 2023-жылдын 1-сентябрындагы №ТА-1077 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Ай айылынын Сай участогундагы “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомунун жаратылыш газын турак үйлөргө таркатуучу станция куруу үчүн, 3500 кв.м таштуу жайыт жер аянттын тиешелүү иш кагаздары мыйзамдуу даярдалып бүткондон кийин, курулуш куруу жумуштары аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Э.И.Досов |