Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 3

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 3-окуу корпусу жөнүндө

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун, №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Г.Аскаровадан жана №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Г.Токторбаевадан келип түшкөн билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 3-окуу корпусунун жарымы, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине мектепке чейинки даярдоо класстарын окутуу үчүн, жарым бөлүгү №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине пайдаланууга өзгөртүүсүз калтырылсын.

 

2. №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтында жайгашкан №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине, курулуучу оюн аянтчасынын жер аянтын аныктап, аныкталгандан кийин ордуна отургузулган теректерге комиссия түзүп, мыйзам чегинде жеринде карап чыгып, сатылган теректерден түшкөн акча каражатын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.

 

3. Бала бакчага талапка ылайык тиешелүү жер аянтын мыйзамга ылайык, бөлүп, чечип берүү жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

4. Бул боюнча иш-кагаздарды мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов