САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2023-жылдын 05-октябрындагы № 4
“Жалал-Абад Өнүктүрүү фондусу” Мекемесинен өздүк бюджет каражаты Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов жалпы билим берүүчү орто мектебине парта, стул жана мугалимдер үчүн техникалык каражаттары үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун жана Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Г.Аскарованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад Өнүктүрүү фондусу” мекемеси тарабынан каржылануучу акча каражатынан, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун жана Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Г.Аскарованын билдирүүлөрүнө ылайык, “Жалал-Абад Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап, өткөрүү жагы Сайдыкум айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
2. “Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондусу” мекемесинен каржылануучу акча каражатынын эсебинен, Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов жалпы билим берүүчү орто мектебине парта, стул жана мугалимдер үчүн техникалык каражаттары үчүн материалдардын жана жумуштардын көлөмү жалпы көрсөтүлгөн сметадагы төлөнүүчү 1724500 (бир миллион жети жүз жыйырма төрт миң беш жүз) сом суммадан 172450 (бир жүз жетимиш эки миң төрт жүз элүү) сом төлөнүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, өзгөчө кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Э.И.Досов. |