Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

 

2023-жылдын 05-октябрындагы № 3

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө”

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Курулуш иштердин аткаруунун жүрүшү жөнүндө текшерүүнү жана подрядчынын өкүлү менен талкуулоону жүргүзүү, иштин иш жүзүндөгү көлөмү подрядчынын иш графигине ылайык аткарылгандыгын аныктоо максатында төмөндөгү курамда биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу тузулсүн.

 

1.     Шарипов Асилбек - Айылдык Кеңештин депутаты

2.     Азимкулов Мурат - Айылдык Кеңештин депутаты

3.     Маматсаева Алима - Айылдык Кеңештин депутаты

4.     Мамажанов Макамбай - Аксакалдар Кеңешинин төрагасы

5.     Тилебаева Мархабат - Бейөкмөт уюмунун мүчөсү

 

2. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” тобуна Сайдыкум айыл өкмөтүндө курулган бардык курулуштарды көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл өкмөтүнүн расмий www.Seidikum.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Маматсаевага жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов.