САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 08-декабрындагы № 5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсү жана Базар-Коргон шаардык вице мэри Т.Исаевдин катышуусу менен
Кыргыз Республикасынын 27-беренесинин 1-пунктуна, Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылдын 15-июлундагы №01-17/625 сандуу жазган катындагы, Базар-Коргон шаарынын калктуу конуштарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Базар-Коргон шаар мэриясынын алдында түзүлгөн “Базар-Коргон суу каналы” муниципалдык ишканасына Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБР) тарабынан даярдалган проект боюнча акча каражаты ажыратылууда. Даярдалган долбоор боюнча сыркынды сууларды тазалап, кайра сугат суу катары пайдаланууга куруулуучу объект үчүн 5,0 га жер аянтын ижарага мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мөөнөткө берүү маселесин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун жана Базар-Коргон шаардык вице мэри Т.Исаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын жер эсебинде болгон Чоң-Курулуш айылында жайгашкан №222 контурдагы жер аянтынан айтылган сыркынды сууларды кайра тазалап, чыгаруучу объектисин курууга 5,0 (беш) га жер тилкесин мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мөөнөткө иштетүүгө ижарага ажыратылып берилсин.
2. Келишим түзүү мезгилде, сөзсүз түрдө, экологиялык тазалык жагын, келечекте Тойчубек-Чек, Кызыл-Ай, Жаш-Ленин, Аркалык, Чоң-Курулуш айылдарынын сыркынды суулары бекер улануу кызыкчылыктарын жана жер боюнча мезгилиндеги инфиляцияны эске алуу менен ижара акысы түзүлсүн.
3. Чоң-Курулуш айылындагы №222 контурда жайгашкан 5,0 га жер аянтына мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мөөнөткө пайдаланууга мамлекеттик акт даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалына сунушталсын.
4. Токтомду аткаруу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Э.И.Досов. |