Редакцияот 08.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 08-декабрындагы № 6

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан конкурс аркылуу ижарага берилген айыл чарба жерлери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-декабрындагы кабыл алынган “Айыл чарба кооперативдерин, үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” №309 токтомунун негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын ижарага берүү комиссиясы тарабынан айыл чарба кооперативдерине конкурс аркылуу берилген жерлери боюнча, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кыртышты бонитировкалоо менен жерлердин сапаттык абалын аныктоо багытындагы тиешелүү жумуштарды алып баруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин нарктык баасы (ченемдик баа) натуралдык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы аркылуу ижара акыны белгилөө үчүн Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына айыл чарба кооперативдери ижарага алган жер аянттарынын асылдуулугу боюнча жердин топурагынын балл бонитенин аныктап, тактап берүү боюнча тактама алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба кооперативдери жана ижарага алган жогорудагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин абалы боюнча тактама, маалымат даярдоо, СПАлардын башчыларына милдеттендирилсин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адиси жана айыл башчылары айыл чарба жерлеринин азыркы абалы боюнча жеринде барып акт даярдоо жагы мидеттендирилсин.

 

4. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясынан жер аянттарынын асылдуулугу боюнча, жердин топурагынын балл бонитенин тактамасынын негизинде, СПАлардын башчыларынын тактама маалыматы жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адиси жана айыл башчылардын актысынын негизинде, ижара акыларын аныктап алуу үчүн, Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашууга жиберилсин.

 

5. Токтомдун аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов