Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 

XXIX – cессиясы

 

2024-жылдын  20-июнундагы № 238                                                              

 

Бош калган акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 19-июнундагы XXIX - сессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин

2024-жылдын 1-январына бош калган акча каражатынан 514 800 сом төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

-       Түр айыл аймагынын айыл өкмөтү Түп райондук салык

башкармалыгынын алдында 2017-жылдан бери кошумча эсептөөлөрдөн келип түшкөн карыздары жана айып пулдарды төлөп берүүгө - 161 200 сом,

анын ичинен:

1)    калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында

болбогон жерлерге мүлк салыгынан чыккан карыз – 52 000 сом;

2)    муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникаларды ижара акысынан чыккан карыз – 14 200 сом;

3)    калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйымдан чыккан карыз – 95 000 сом;

-       Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана

техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан экологияга жана жаратылышка келтирилген зыян үчүн 221 800 сом, анын ичинен 2024-жылдын 26-апрелиндеги Түп айыл өкмөтүнө берген №004997 сандуу сунуштамасынын негизинде 208 800 сом жана 2024-жылдын 3-июнунудагы “Укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаза чарасын колдонуу жөнүндө” токтомдун №21-03-053-01-1-000176 сандуу протоколунун негизинде 13 000 сом;

-       Аксакалдар сотуна материалдык жактан колдоо үчүн – 86 400 сом;

-       Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Союзуна мүчөлүк акы төлөөгө – 15 500 сом;

-       2023-жылдын ичинде 1С-бухгалтерия программасын жүргүзүү

үчүн ЖИ А.Кельдибековго болгон карызын төлөөгө – 29 900 сом.

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ишке ашыруу жагы

Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.

 

 Тѳрайым                                                                       Орозбекова А.О.