Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 

XXXI - cессиясы

 

2024-жылдын  29-августундагы № 251                                

 

Түп айыл аймагынын өкмөтүнө Түп райондук өнүктүрүү

                               фондусунан акча каражат бөлдүрүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 29-августундагы XXXI - сессиясы токтом кылат:

 

1.     Түп райондук өнүктүрүү фондусунан:

-       Уркаш Ата жаңы конушунун жолдорун асфальттоого 1 772 491

(бир миллион жети жүз жетимиш эки миң төрт жүз токсон бир) сом акча каражаты;

-       Түп, Шаты жана Бирлик айылдарынын ички көчөлөрүн

сүрдүрүүгө жана аба-ырайы туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу коопту абалды алдын алууга карата күйүүчү майга  422 400 (төрт жүз жыйырма эки миң төрт жүз) сом акча каражаты;

-       Грейдердин тетиктерин алууга 185 500 (бир жүз сексен беш миң

беш жүз) сом акча каражаты;

-       Бирлик айылынын жаңы конушунун көчөлөрүн сүрдүрүүгө

күйүүчү майга 55 425 (элүү беш миң төрт жүз жыйырма беш) сом акча каражаты;

-       Бирлик айылын тургундарын ичүүчү таза менен камсыз кылуу

үчүн10 045 958  (он миллион кырк беш миң тогуз жүз элүү сегиз) сом акча каражаты суралсын.

 

 

Тѳрайым                                                                       Орозбекова А.О.