ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXX – cессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 258
Манас көчөсүндөгү мончонун артынан жол ачуу жөнүндө
Түп айылынын тургуну Кундузалиева Жаннанын Түп айылынын Манас көчөсүндөгү коомдук мончонун артынан көчө салдыруу боюнча кайрылуусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 2-июлундагы XXX - сессиясы токтом кылат:
- Түп айылынын жаңы бекитилген башкы планынын негизинде Түп
айылынынМанас көчөсүндөгү коомдук мончонун артына көчө ачууга уруксаат берилсин.
- Түп айылынын Манас көчөсүндөгү коомдук мончонун артынан көчө
салдырууга жер тилкесин аныктап берүү менен иш кагаздарын даярдоо жагы Түп айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ишке ашыруу
жагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрайым Орозбекова А.О.