Редакцияот 06.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

II – cессиясы

 

2024-жылдын  6-декабрындагы № 7                                 

 

Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу атайын техникаларды алууга акча каражат бөлдүрүү жөнүндө 

 

      Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин  

1-пунктун жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  II – cессиясы токтом кылат:

 

  1. “Түп муниципалдык коммуналдык-тиричилик чарбасы”

мекемесине атайын тротуар тазалоочу кичи-тракторун, таштанды  чыгаруучу  атайын техника, “Түп айылынын ичүүчү таза суу” мекемесине атайын  эксковатор тракторун лизинг аркылуу алууга уруксаат берилсин.

 

   2.1.  Трактор Беларус 320.4- 1даана, ичке жолдордогу (тратуар)                  каарды тазалаганга калагы менен.

- 30% өлчөмүндөгү акча каражатын Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунан суралсын;

-  50% өлчөмүндөгү акча каражатын Түп райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

- 20% өлчөмүндөгү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөөгө макулдук берилсин.

2        

2.2 . SX5255ZYS5R434- 1 даана (таштанды чыгаруучу атайын техника).

- 30% өлчөмүндөгү акча каражатын Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунан суралсын;

-  50% өлчөмүндөгү акча каражатын Түп райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

- 20% өлчөмүндөгү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөөгө макулдук берилсин.

    2.3. Эксковатор CDM6150- 1 даана.

- 30% өлчөмүндөгү акча каражатын Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунан суралсын;

 

- 70%өлчөмүндөгү акча каражатын өлчөмүндөгү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөөгө макулдук берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы    Ч.Э.Джузеновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.