ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
III – cессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №11
Түп айыл аймагынын №1206-контурундагы 10,0 га айдоо жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин
1-пунктун жана 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын III – cессиясы токтом кылат:
- Түп айыл аймагындагы №1206 контурундагы 10,0 га сугат айдоо жер
аянтын, МИК (мамлекеттик ипотека компания) аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү курууга, айыл чарба багытындагы сугат айдоо жердин багытын (трансформациялоо), калктуу конушка которууга макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына жана
көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б