ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
II – cессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №14
Түп айыл айылында кыймылсыз, кыймылдуу мүлк салыктарын киргизүү жана айыл чарба эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин
4-пунктун, жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын II – cессиясы токтом кылат:
1. 2025-2026-2027 жылдарга Түп айыл аймагында айыл чарба
багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициентти ставкасы 2(эки) деп бекитилсин.
2. Түп айыл аймагында салыктык базалык ставка калктуу конуш
ичинде 1.8, ал эми калктуу конуштан алысыраак жерлерде 1.6 деп бекитилсин ( Салык кодексинин 388 беренеси)
3. 2025-2026-2027 жылдарга Түп айыл аймагында экономикалык
пландаштыруу зоналар боюнча Кз коэффициенти төмөндөгүчө бекитилсин:
- Май куйуучу бекеттер – 2
- Соода түйүндөрү – 2
- Дарыканалар – 2
- Тегирмендер жана буудай алуучу жана тазалоочу жайлар – 2
- Кафе, тамак-аш сатуучу жайлар – 2
- Машина оңдоочу жана желимдөөчү жайлар – 2
- Элге кызмат кылуучу жайлар, мекемелер жана башкалар – 2
- Банкттар, кредиттик уюмдар жана ломбарддар – 2
- Базарлар – 2
- Кашарлар – 2
4. Муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча төмөнкүдөй
баалар бекитилсин:
- Түп айылындагы муниципалдык жерлерди түз жолу менен
соода сатыкка ижарага берүү:
- Элебаев, Манас, Боронбай, Мокоев, Эстебесов, Турусбеков,
Осмонов көчөлөрүнө 1м.кв. -200 (эки жүз) сомдон
- Башка көчөлөргө 1 м.кв. – 100 (бир жүз) сомдон
- Шаты айылындагы муниципалдык жерлерди түз жолу менен