Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

IV – cессиясы

 

2025-жылдын  21-январындагы №17                                 

 

Түп айыл аймагында катуу таштанды калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин

2-пунктунун 4,11-бөлүмчөлөрүнүн негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  IV – cессиясы токтом кылат:

 

1.     Түп айыл аймагында жашаган тургундар үчүн  Кыргыз

Республикасынын Бюджеттик Кодексинин №48-беренесинин “Калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым” 9-пунктуна ылайык 24 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.     Түп айыл өкмөтүнө караштуу Түп муниципалдык коммуналдык

тиричилик чарбасы” мекемесине катуу тиричилик ташатандыларды (КТК) чыгаруу боюнча тарифтерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

·       1 кожолука (жеке жактарга):

- 1айга - 100сом, багаар-көрөөрү жок жалгыз бой карыларга акысыз.

- келишимдин негизинде 1 контейнерге – 300сом

·       Мекеме, уюмдарга:

-       Ар бир кызматкерге 1 жылга – 200сом

·       Коммерциялык жактарга:

-       Чоң соода түйүндөрү жана ашканаларга 1 контейнер алуу үчүн

1 тапшырыкка - 500сом

-       Кичине соода кылуучу түйүндөргө, чач тарач, павильондорго ар бир жумушчу адамга 1 айга – 200 сом

3.     Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.