Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

IV – cессиясы

 

2025-жылдын  21-январындагы №24                                                            

 

Түп айыл аймагынын 2024-жылга бюджетинин атайын каражаттарынын 2025-жылдын 1- январына карата ашкан калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин  1-пунктуна ылайык Түп  айылдык Кеңешинин  ХXIX-чакырылышынын IV -сессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп айыл аймагы 2024-жылдын   бюджетинин  атайын

каражаттарынын аткарылышынын жыйынтыгы  менен 2025-жылдын 1- январына карата кирешелердин чыгаша бөлүгүнөн ашкан - 1251336 сом, анын ичинен:

-       “Бакыт” бала бакчасы боюнча 640034 сом,

-       “Жеткинчек” бала бакчасы боюнча 611302 сом,   калдыгынын

эсебинен башкы эсепчи Б.Оскомбаевдин билдирүүсүн угуп  жана   жана талкуулап “Бакыт” бала  бакчасына - 640034 сом жана “Жеткинчек” бала бакчасына - 611302  сом бала бакчадагы  балдардын  тамак – ашына кошумча жумшалсын.

  1. “Бакыт” жана “Жеткинчек” бала бакчаларынан ата-энелерден алынуучу

төлөм 2024-жылдын 29-августундагы Түп айылдык кеңешинин №250-токтому менен бекитилген 1 бала үчүн - 1200 сом көлөмүндө өлчөм  2025-жылга күчүндө калтырылсын жана  тамак – ашына жумшалсын.

  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл  кылуу  жагы айылдык Кеӊештин

бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.   

 

Тѳрага                                                                       А.Б.Абдымамбетов