Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

V – cессиясы

 

2025-жылдын  7-февралындагы №29                                                          

 

Түп айыл аймагынын АЧЖМФнун жер аянттарын инвентаризациялоо үчүн кошумча кызматкерлерди алуу жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин  1-пунктуна ылайык жана Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-февралындагы отурумунун сунушунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  V – cессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик

фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин жана муниципалдык менчикте турган турак-жайларды толугу менен инвентаризациядан өткөрүү максатында кошумча жер адистерди келишимдин негизинде кызматка алууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын  камсыздоо Түп айыл өкмөтүнүн

башчысы Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.