Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

V – cессиясы

 

2025-жылдын  7-февралындагы №32                                                          

 

Балбай баатырдын эстелигин орнотууга  жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын

27-беренсинин 1-пунктуна жана 34-беренесинин  1-пунктуна ылайык Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  V – cессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз элинин Бугу уруусунан чыккан, 19-кылымдагы чыгаан

баатырларынын бириБалбай баатыр Эшкожо уулунун эстелигин орнотуу үчүн  Каракол-Бишкек жана Каракол-Кеген трассаларынын кесилишиндеги жолдун жээгиндеги мамлекеттик жайыт жерине тийиштүү 0,0857 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын  камсыздоо Түп айыл өкмөтүнүн

башчысы Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.