Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

V – cессиясы

 

2025-жылдын  7-февралындагы №33                                                          

 

Түп токой чарбасына караштуу 64.7 га жер тилкесин Шаты айылынын жайыт жерлерине алмаштырууга макулдук  берүү  жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын

34-беренесинин  1-пунктуна жана 27-беренсинин 1-пунктуна ылайык Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  V – cессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп айылынын кире беришинде Түп токой чарбасына тиийиштүү

64.7 га жер аянтында жайгашкан “Түп кайың багы” токойчосун реконструкциялап, Түп районунун маданий эс алуу комплексин курууга, Шаты айылынын №212-контурундагы Жаман Карагай жайытындагы жайыт жерлерине алмаштырууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын  камсыздоо Түп айыл өкмөтүнүн

башчысы Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.