Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

VI –cессиясы

 

2025-жылдын  26-февралындагы  №34                            

 

Түп айыл аймагында 2025-2027-жылдарга турак имаратына жана мүлк салыктын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №37 Мыйзамына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  VI – cессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз

Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №37 Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана турак-жайга мүлк салыгын эсептөө үчүн Түп айыл аймагы боюнча салык ставкасы 2 сом болуп бекитилсин.

 

  1. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.