Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

кезексиз cессиясы

 

2025-жылдын  28-февралындагы  №35                              

 

Түп  айыл аймагынын 2025- жылдын 1-январына  бош калган акча каражаттарын  бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

          Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин  2.2.-пунктунун негизинде жана Түп  айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоорун угуп  жана талкуулап,  Түп  айылдык кеңешинин ХХIX -чакырылышынын    кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп  айыл аймагынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү

бюджетинен 2025- жылдын 1-январына бош калган акча каражаттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:

 

2025-жылга карата подрядчиктерге болгон карыз, калдык:

-       “Би Корпорейшн” ЖЧКна Түп айылындагы үстү жабык кичи футбол аянтчасынын  ПСДнын бүткѳрүүгѳ - 105 200 сом,

-       “Тянь Шань Инвест Строй” ЖЧКна Түп айылындагы үстү жабык кичи футбол аянтчасынын (курулушу аяктаган учурда) бүткѳрүүгѳ - 500 000 сом

-        “Электро Визард” Түп айылындагы борбордук кѳчѳлѳрдү жакшыртууга (түнкү жарыктантыруу столбаларын алмаштырууга ж.б. жумуштарына ) – 1 500 000 сом

 

Сунушталган багыттарга:

-       Түп айылдык аймагында жайгашкан (Түп,Шаты,Бирлик)  4-мектепке, 2-бала бакчаларга ар бирине 2-даанадан атайын видеокѳзѳмѳл орнотууга -12 камера*137500 сомдон, баардыгы - 822 000 сом

-       Ак сакалдар сотунун мүчѳлѳрүнѳ материалдык колдоо ирээтинде эмгек акы - 86 000 сом,

-       Түп айыл ѳкмѳтүнүн алдында уюшулган Түп МКТЧна  келе турчу атайын адистештирилген техникалардын  2 айдоочусуна  жана кичи автобустардын  2 айдоочусуна  10 айга каралуучу эмгек маянасына

- 600 000 сом.

-       Түп айылынын квартал башчыларына эмгек акысына - 180 000 сомду

-       Түп айыл ѳкмѳтүнүн алдында уюшулган Түп МКТЧна атайын адистештирилген атайын техникалардын (поливоуборочная машина и телескопичка) кызматтарын тѳлѳп берүүгѳ - 400 000 сом

-       Түп райондук архитектура башкармалыгына Түп айыл аймагында салына  турчу чоң курулуш объектилеринин тиешелүү курулуш иш кагаздарына (ПСД)  жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткѳрүүгѳ - 866 400  сом

-       Бирлик айылынын  трансформатор алууга - 380 000 сом

-       Айылдык кеңешке микрофондорду алууга - 500 000 сом

 

-       Алыскы жайыттарга көчө турган малчыларга күйүүчү май менен жардам берүүгө - 30 000 сом

-       Түп айылындагы 3 саатык бала бакчага оюнчуктарды алып берүүгө – 20 000 сом.

-       Түп айылындагы социалдык мекемелер жайгашкан кѳчѳлѳргѳ кум-шагыл тѳшѳп түздѳѳ жумуштарына - 800 000 сом

 

Баардыгы: 6 789 600 (алты миллион жети жүз сексен тогуз миң алты жүз ) сом

  1. Бул токтомдун  ишке ашыруу жагы Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы

Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө жагы Түп  айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

   

 

Тѳрага                                                                               А.Б.Абдымамбетов