Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2023-жылдын 09-февралындагы № 10

Сайдыкум айыл аймагындагы  айыл-чарба малдарын эмдөө жана клиникалык кароодон өткөрүү жөнүндө

 

          Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы, Сайдыкум айыл аймагындагы айыл-чарба малдарын эмдөө, клиникалык кароодон өткөрүүгө жана башка профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө атайын тарифти (перецкурант) бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл аймагындагы айыл-чарба малдарын эмдөө, клиникалык кароодон өткөрүүгө жана башка профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө атайын тариф бекитилсин.

1.     Бир баш бодо мал эмдөө акысы 80 сом.

2.     Бир баш кой эмдөө акысы 25 сом.

3.     Бир баш жылкы эмдөө акысы 80 сом.

4.     Бир баш ит эмдөө акысы 100 сом.

5.     Бир баш бодо малга бирка тагуу 100 сом.

6.     Бир баш жылкыга чип тагуу 220 сом.

 

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

 

А.Ж.Маматсаева