Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында каржылоо ченемдерин түзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип бюджетти түзүү жана финансылык ченемдерди эсептөө, ошондой эле республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан медициналык, профилактикалык, фармацевттик жана башка кызмат көрсөтүүчүлөргө (мындан ары - Кызмат көрсөтүүчүлөр) акы төлөө маселелерин жөнгө салат.
2. Бул Тартип саламаттык сактоо системасында каржылоо маселелерин регламенттөөчү мыйзамдарга жана ченемдик документтерге ылайык даярдалган.
3. Бул Тартип коомдук саламаттык сактоо уюмдарына жана бюджеттик классификациянын чыгаша беренелери боюнча каржылануучу уюмдарга колдонулбайт.
4. Каржылоонун базалык ченемдерин эсептөөдө, ошондой эле Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды санариптик иштетүү колдонулат. Маалыматтардын булагы болуп саламаттык сактоонун тиешелүү маалымат базалары эсептелет, ал эми алар жок болгон учурда расмий маалыматтар жана бекитилген отчеттук-эсепке алуу формалары пайдаланылат.
5. Каржылоо ченемдери каржылоонун базалык ченемдеринен турат, алар түзөтүү коэффициенттерине түзөтүлөт.
6. Базалык ченемдерди жана түзөтүү коэффициенттерин эсептөө саламаттык сактоо системасын каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүндө болжолдонгон көрсөткүчтөрдү эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат (республикалык бюджет, милдеттүү медициналык камсыздандыруу).
7. Түзөтүү коэффициенттери региондун географиялык жана климаттык өзгөчөлүктөрүн, саламаттык сактоонун артыкчылыктарын, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүн, экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинин тегизделишин чагылдырат.
8. Бийик тоолуу же алыскы коэффициентинин мааниси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет.
9. Калктуу конуштун негизги саламаттык сактоо уюмунан алыстыгын чагылдыруучу айылдык коэффициенттин мааниси ушул Тартип менен бекитилет.
10. Республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (мындан ары - ММК) каражаттарынын эсебинен түзөтүү коэффициенттеринин маанилери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет.
11. Жыныстык-курактык, айылдык коэффициенттерди колдонууда финансылык тобокелдиктерди азайтуу максатында саламаттык сактоо уюмдарына карата теңдөө коэффициенти колдонулат. Коэффициенттердин шкаласы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан эсептелет жана бекитилет.
12. Каржылоонун базалык ченемдери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бирдей жана каржылоонун жаңы ченемдери бекитилгенге чейин колдонулат.
13. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен каражаттардын базалык ченемдеринин мааниси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каралган ММК каражаттарынын чегинде базалык ченемдердин мааниси ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы тарабынан бекитилет.
14. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын көлөмүн каржылоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган;
2) ММК каражаттарынын эсебинен ММК чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы.
15. Саламаттык сактоо системасындагы тиешелүү бюджеттин өзгөрүшүнө жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары өзгөргөндө саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун көлөмүн аныктоо үчүн каржылоо ченемдерин, түзөтүү коэффициенттерин жана башка базалык ченемдерди кайра эсептөө жүргүзүлөт.
16. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү ММК каражаттарынан каржылоо ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органынын Кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзгөн келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимдерде медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча анын көлөмү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калктын айрым категорияларына медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн кеңейтилген көлөмү үчүн чыгымдардын ордун толтуруу шарттары аныкталат.
17. Каржылоонун базалык ченемдери жана түзөтүү коэффициенттери боюнча каражаттардын болжолдонгон көлөмүнө ылайык саламаттык сактоо уюмдары кирешелерди жана чыгымдарды каржылоо булактары (республикалык бюджеттин, ММКнын каражаттары) боюнча бөлүштүрүү планын түзөт.
18. ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча көрсөтүлүүчү жеке медициналык Кызмат көрсөтүүчүлөргө келишимдик негизде ММК каражаттарынын эсебинен акы төлөөгө укуктуу.
19. Республикалык бюджеттин жана ММК каражаттарынын көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
20. Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү каржылоонун ченемдери боюнча жүзөгө ашырылат жана ушул Тартип менен аныкталат.
21. Каржылоо ченемдери боюнча ишке ашырылбаган саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын чыгымдарынын тийиштүү беренелери, кичи беренелери, элементтери жана кирешелердин классификациясы боюнча аныкталат.
22. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) медициналык тез жардамды каржылоонун ченеми - медициналык тез жардамдын күнү-түнү иштеген постун каржылоонун бир жылдык орточо эсептик көрсөткүчү, ал тейлөөгө алынган калктын санын жана медициналык тез жардам көрсөтүүгө бюджеттик каражаттын эсебинен каржылоо көлөмүн эске алуу менен күнү-түнү медициналык тез жардамды кызмат көрсөтүү боюнча орточо жыйынды сарптоолорду чагылдырат;
2) медициналык тез жардам кызматынын күнү-түнү иштеген посту (төрт бригада (нөөмөт) жана бир санитардык автотранспорт машинасы) - бул 24 сааттын ичинде медициналык тез жардамдын иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон штаттык бирдиктердин саны;
3) медициналык тез жардам пункту - тейлөөгө алынган аймакта жайгашкан, өзүнө күнү-түнү иштеген бир же андан көп медициналык тез жардам постторун камтыган жана калкка күнү-түнү медициналык тез жардам көрсөткөн медициналык тез жардам бөлүмүнүн бөлүмчөсү;
4) медициналык тез жардам кызматынын жол пункту - бул магистралдык трассаларда жайгашкан жол-транспорт кырсыгынын (ЖТК) же өзгөчө кырдаалдын (жер титирөөлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин ж.б. табигый жана антропогендик кубулуштардын) кесепетинен жабыр тарткандарга, ошондой эле ЖТК менен байланышпаган, бирок трассаларда же ага жакын жерлерде болгон капысынан келип чыккан ооруларга жана кырсыктарга кабылган адамдарга медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн арналган медициналык тез жардам пункту;
5) медициналык тез жардам бөлүмү - бул саламаттык сактоо уюмунун тейлөөгө алынган аймакта жашаган калкка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн арналган түзүмдүк бөлүмү, ал өзүнө келип түшкөн чакырууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча диспетчердик кызматты, уюмдун бардык тейлөө аймагында жайгашкан күнү-түнү иштөөчү постторун же медициналык тез жардам пункттарын камтыйт;
6) медициналык тез жардам станциясы - өзүнө келип түшкөн чакырууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча диспетчердик кызматты жана күнү-түнү иштеген ондон ашык медициналык тез жардам пункттарын, Бишкек жана Ош шаарларынын тейлөө аймагында жайгашкан калкка медициналык тез жардам көрсөтүүнү камтыган саламаттык сактоо уюму;
7) санитардык автотранспорт - бул медициналык тез жардамга муктаж бейтаптарды ташууга жөндөмдүү, замбил менен жабдылган жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн бейтаптарды жакынкы саламаттык сактоо уюмдарына ташыган саламаттык сактоо уюмунун курамындагы машина. Фельдшердик-акушердик пункттун же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкери пайдаланган медициналык тез жардамдын күнү-түнү иштеген постун жайгаштырууга мүмкүндүк бербеген калкынын саны аз болгон саламаттык сактоо системасынын түзүмдүк бөлүмү бар алыскы калктуу конуштарда жайгаштырылат;
8) үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көрсөтүүчү баштапкы медициналык-санитардык жардамды республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун жан башына базалык ченеми - бул республикалык бюджеттин каражаттарынан түзөтүү коэффициенттерин эске алуу менен жылына жазылган ар бир адам үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо көрсөткүчү;
9) үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ММК каражаттарынан каржылоонун жан башына базалык ченеми - бул ММК каражаттарынан түзөтүү коэффициенттерин эске алуу менен жылына катталган ар бир адам үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо көрсөткүчү;
10) жыныстык-курактык коэффициенттери - бул калктын ар кандай жыныстык-курактык топтору тарабынан баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык жардам алуу үчүн баруулардын санын эске алуу менен жан башына базалык ченемдерге карата колдонулуучу түзөтүүчү коэффициенттери;
11) ММК боюнча камсыздандырылгандар - бул ММК төгүмдөрү түшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле ММК полистерин өз алдынча сатып алган адамдар;
12) республикалык бюджеттин базалык ставкасы - стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша республикалык бюджеттин каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн жиберилүүчү стационардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
13) ММК базалык ставкасы - стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша ММК каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн бөлүнүүчү стационардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
14) дарыланып чыккан учур - бул стационардык жардамдын деңгээлинде дарылоону аяктаган оорунун учуру;
15) кошумча төлөм - жарандын Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын наркын төлөөгө катышуусу.