Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2023-жылдын 09-февралындагы № 11

 Сайдыкум айылдык кеңешинин  жана туруктуу комиссияларынын 2023-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

 

                 Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2023-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2023-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айылдык Кеңешинин катчысы Ж.Инаятовага милдеттендирилсин.

3. Сайдыкум айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2023-жылга түзүлгөн иш-пландары бекитилсин.

4. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин

 төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

 А.Ж. Маматсаева.