Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы

 

2023-жылдын  10-мартындагы № 1

«Сейдикум-Тазалык» муниципалдык ишканасынын таза суу жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын  кезексиз

XVII -сессиясы, Сайдыкум айыл аймагындагы таза суу пайдалануучулардын бардыгы суу эсептегичке (водомер) өтүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын  кезексиз XVII – сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл аймагындагы таза суу пайдалануучу ар бир абонент өзүнүн эсебинен 2023-жылдын 15-марттан баштап, 15-июнга чейин суу эсептегичке (водомер) өткөрүлсүн.

2. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы           “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

 

А.Ж.Маматсаева