САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы
2023-жылдын 10-мартындагы № 2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан 270 кв.м жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңшинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде, Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан жер тилкеси 3-02-05-1001-0958 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 270 кв.м жер тилкесине дарыкана куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан жер тилкеси 3-02-05-1001-0958 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 270 кв.м жер тилкесине дарыкана куруу үчүн жер ажыратылып берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын (АПШ жана ИТШ) даярдап берүү жагы Базар-Коргон райондук шаар куруу Архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева.
|