САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы
2023-жылдын 10-мартындагы № 4
Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы бир көчөсүнө ысым коюу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы, Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы жашоочуларынын протоколуна негиз, Айгыр-Жал участкасындагы бир канча мамлекеттик сыйлыктардын ээси, колхоз мезгилинде механизатор болуп эмгектенген, бригадир болуп айыл чарбасына кызмат көрсөткөн Акматалиев Калдарбектин ысымын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы бир көчөгө ат коюу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы бир көчөгө Айгыр-Жал участкасындагы бир канча мамлекеттик сыйлыктардын ээси, колхоз мезгилинде бригадир, механизатор болуп эмгектенген, айыл чарбасына кызмат көрсөткөн Акматалиев Калдарбектин аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларынын жазып, орнотуу Акматалиев Калдарбектин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Абдыгапар уулуна жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |