САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы
2023-жылдын 10-мартындагы № 5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджети жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетин, бардык разделдери боюнча алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
- Кирешелер жана чыгашалар сметасы (1-тиркеме)
- Жайыт комитетинин бюджети (2-тиркеме)
2. Ар бир баш мал жандыкка акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй баада бекитилсин. Бир бодо мал үчүн 120 сом, бир баш жаш бодо мал үчүн 90 сом, бир баш жылкы үчүн 120 сом, эшек үчүн 120 сомдон бекитилсин. Бир баш кой, эчки, козу, улактар үчүн 30 сом.
3. Сайдыкум айыл аймагынын жайыт комитетине, жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана тиешелүү салыктарды бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |
тиркеме
Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2023-жылдагы сессиясында бекитилген
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2023-жылга БЮДЖЕТИ
| Чыгымдардын статьялары | Саны | Баасы
| Суммасы | |
| I. Жайыт комитетинин чыгымдары
| ||||
1 | Жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы | 12 ай | 12500 | 150000 | |
2 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр -17,25% | 12 ай | 2160 | 25920 | |
3 | Командировка, телефон, конц.товар, транспорт чыгымдары | 4 жолу | 2000 | 8000 | |
| Жыйынтыгы:
|
|
| 183920 | |
| II. Жайыт инфраструктурасынын жакшыртуу чыгымдары
| ||||
4 | ГСМ | 200 литр | 74 | 14800 | |
5 | МЧС солярка |
|
| 16680 | |
| Жыйынтыгы:
|
|
| 31480 | |
| III. Жайыт жер салыгы
| ||||
6 | Жайыт салыгы |
|
| 0 | |
| IV. Налог продаж (НсП)
| ||||
7 | Налог продаж (НсП) |
|
|
| |
| Жалпы жыйынтыгы: | 215400
| |||
|
|
|
|
|
|