САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 3
Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү №52-Кесиптик лицейге Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер берүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз XVIII – сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү №52-Кесиптик лицейдин директору О.А.Бегматовдун арызы жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы эски №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер №52-Кесиптик лицейге берүү маселесин угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү №52-Кесиптик лицейге, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы эски №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу |
А.Ж.Маматсаева
|