Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 18-мартындагы № 136
токтому менен бекитилди)
"Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Онлайн-мектептин максаттары, милдеттери жана принциптери
3-глава. Билим берүү процессин сунуштоо боюнча онлайн-мектепке коюлган талаптар
4-глава. Онлайн-мектепти башкаруу
5-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
6-глава. Онлайн-мектепке кызматкерлерди кабыл алуу
7-глава. Онлайн-мектептин билим алуучуларын кабыл алуу, көчүрүү жана окуудан чыгаруу тартиби
8-глава. Билим берүү процесси
9-глава. Маалыматтык чөйрөнүн купуялуулугу жана коопсуздугу
10-глава. Онлайн-мектепти каржылоо жана мүлкү
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) "Тунгуч" онлайн-мектеби тарабынан ишке ашырылуучу билим берүү процессинин максаттарын жана милдеттерин, уюштуруу тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган акысыз негизги жалпы жана орто жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
2. "Тунгуч" онлайн-мектеби билим берүү уюму (мындан ары - онлайн-мектеп) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимдерин жана ушул Убактылуу жобону жетекчиликке алат.
3. Онлайн-мектептин толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Тунгуч" онлайн-мектеби" мекемеси;
2) расмий тилде: учреждение "Онлайн-школа "Тунгуч".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: онлайн-мектеп;
2) расмий тилде: онлайн-школа.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 68.
4. Онлайн-мектеп мамлекеттик менчик формасы менен мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби бар.
5. Онлайн-мектеп мамлекеттик жана расмий тилдерде онлайн-окутууну уюштурат. Окууну ийгиликтүү аяктап жана бүтүрүүчү экзамендерди тапшырган онлайн-мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) алышат.
6. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
асинхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар реалдуу убакытта эмес, алдын ала даярдалган окуу материалдары жана тапшырмалар аркылуу өз ара аракеттенет, бул билим алуучуларга кошумча билим берүү материалын аларга ыңгайлуу убакта жана өзүнүн жеке темпинде окууга мүмкүндүк берет;
синхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар билим берүү порталы аркылуу реалдуу убакытта өз ара аракеттенет, окуу иш-чаралары маалыматтарды видео жана аудио аркылуу берүүнү пайдалануу менен бардык катышуучулар үчүн бир убакта өткөрүлөт;
маалыматтык технологиялар - маалыматты издөө, чогултуу, сактоо, колдонуу, берүү жана таратуу процесстери, методдору;
билим берүү платформасы (портал) - адамдардын чексиз чөйрөсүнө Интернет тармагы аркылуу анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана автоматташтырылган режимде билим берүү, практикалык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берген, өзгөчө класстагы автоматташтырылган маалыматтык система;
билим берүү контенти - окутууга жана билимди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү материалдар жана ресурстар, алар электрондук окуу китептери, макалалар, тексттер, видео сабактар, интерактивдүү модулдар, подкасттар, лабораториялык иштер, вебинарлар жана көптөгөн башка түрлөрдө болушу мүмкүн;
онлайн-окутуу - Интернет тармагында санариптик технологияларды колдонууга негизделген, педагог менен билим алуучулардын түздөн-түз байланышысыз аралыктан окууга мүмкүндүк берүүчү окутуу процессин уюштуруу ыкмасы;
онлайн-мектеп - онлайн-окутуу формасында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;
стриминг - окутуу процесси жүрүп жаткан убакта маалыматтык системанын жана башка байланыш каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен реалдуу убакытта педагог менен билим алуучулардын ортосундагы түз байланышты болжолдогон сабактарды онлайн-берүү;
санариптик билим берүү ресурстары - окула турган дисциплиналар жана (же) модулдар боюнча интерактивдүү формада окутууну камсыз кылган дидактикалык материалдар: фото сүрөттөр, видеофрагменттер, статикалык жана динамикалык моделдер, виртуалдык реалдуулук жана интерактивдүү моделдештирүү объекттери, аудио материалдар жана башка электрондук окуу материалдары.