Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын I-кезектеги сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры  №1/1

 

Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын №2/2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын  20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы  №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27- ноябрындагы  №2/2-протоколу бекитилсин;

    

2. Уланбек уулу Жыргалбек Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасы болуп  шайлангандыгы таанылсын;

 

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек