Редакцияот 05.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 5-августу №230/36-5

Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына 8 бирдик

темир контейнерлерди (4 бирдик контейнерлер 40 тонналык жана 4 бирдик

контейнерлер 25 тонналык) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-августундагы №1-22/2531 кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына 8 бирдик темир контейнерлерди (4 бирдик контейнерлер 40 тонналык жана 4 бирдик контейнерлер 25 тонналык) кабыл алууга макулдук берилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.М.Сансызбаев