Редакцияот 12.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 12-февралы №14

 Ак-Сай  айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайларга 2025-2027-жылдар үчүн салыктын өлчөмүн бекитүү  жөнүндө.

 

 

       Кыргыз Республикасынын “Салык  Кодексини колдонууга киргизүү жөнүндө”Мыйзамынын   № 4-беренесинин  14-пунктуна    Кыргыз Республикасынын салык  кодексинин 379,380-беренелерине ылайык,55-глава. Мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер жана бошотуу,409-беренеси, ”Имарат,курулма жайга,автотранспорт каражатына мүлк салыгы боюнча жнилдиктер ”жана 79-статьясына ылайык,2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” Баткен райондук  салык башкармалыгынын өкүлү Эргешов Алмазбектин билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кенешинин  VII чакырылышынынкезектеги  III сессиясы токтом кылат:

 

1.  Ак-Сай  айыл өкмөтүндөгү  мүлк  салыгы 2025-2027-жылдарга карата турак-жай  үйлөргө бир чарчы метр аянтына салыктын өлчөмү 8 сом  50 т болуп бекитилсин. 

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  жергиликтүү кенештин бюджет, экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

4. Бул токтом ak-say.gov. kg  сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрайым:

Ш.Омурова