Редакцияот 12.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 12-февралы №15

  

Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жж. социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын  бекитип берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын  бюджет кодексинин 88-беренесине ылайык, Финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү, жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп жана талкуулап,Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.              2025-2027-жылдарга карата Ак-Сай айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.              Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Астанакуловко тапшырылсын.

3.              Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет жана экономикалык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

4.              Бул токтом ak-say.gov. kg  сайтына жарыялансын.

5.              Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.               Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук   актыларынын   реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Тѳрайым:

Ш.Омурова

 

 

Кыргыз Республикасы

 

Баткен облусу Баткенрайону Ак-Сай  айыл аймагы

 

 

2025-2027-жылдарга (орто мөөнөттүү) Ак-Сай айыл аймагынын өнүгүү программасы

 

 

 

Ак-Сай айылдык Кеңешинин

2025-жылдын  «__»_______ №__________ токтому менен бекитилди.

 

 

 

“2025–2027-жылдары Ак-Сай  айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнжана коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу жарандарга ыңгайлуу, коопсуз жана жашоого жагымдуу шарттарды түзүү көздөлөт”

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Сай айылы 2025-ж.

 

 

 

2025-2027 - жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.

Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы

 

1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ

 

 

Географиялык абал

Ак-Сай  айыл аймагы Баткен облусунун чыгыш тарабындагы  Баткен районунда айыл жергенсинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Баткен шаары  менен (эгер айыл аймагы менен эмес, башка район менен болсо – анда районду көрсөтүү керек), батыштан Ак-Татыр айыл аймагы менен чектешет ж.б. Айылдык аймактын борбору – Ак-Сай айылы. Облустук борбордон алыстыгы 45 км. Борбордон алыстыгы 45 км. Ак-Сай айыл аймагы 2001 - ж. уюштурулган.

Жалпы аянты (Га)

30 811га

Ландшафт жана жаратылыш шарттары

Негизинен тоолуу аймак, деңиз деңгээлинен 1250 метр бийиктикте жайгашкан. Кескин континенттик климат айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Кыш мезгили  3 айга созулат жана кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура -15-25 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура 30-35 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 30 оС, кышында -20оС

АА калкы (адам), аялдардын саны:_____2960________

анын ичинде (айылдарда):

 

айыл . Ак-Сай_ (АА борбору)

1698 эл, 406 кожолук, 823 эркек, 794 аял

Капчыгай айылы

631 эл, 175 кожолук, 335 эркек, 273 аял,

Көк-Таш айылы

1940 эл, 627 кожолук, 938 эркек, 925 аял

Миң-Өрүк айылы

962 эл, 188 кожолук, 446 эркек, 468 аял

Миң-Булак айылы

1165 эл, 204 кожолук, 612 эркек, 500 аял

СЭӨПнын максаты

Программанын максаты

2025–2027-жылдары Ак-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу жарандарга ыңгайлуу, коопсуз жана жашоого жагымдуу шарттарды түзүү көздөлөт.

 

Айыл чарбасы жана экономика

·       Айыл чарба тармагында өндүрүштүн өсүү темпин жогорулатууга жетишүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү, анын ичинде асыл тукум малдарды өстүрүүгө өзгөчө басым жасоо.

·       Экономикалык өнүгүү үчүн өнөр жай тармагын колдоо жана айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү.

·       Багбанчылыкты өнүктүрүү, зыянкечтерден коргоо менен түшүмдүүлүктү көбөйтүү.

Социалдык өнүгүү

·       Жаштарды билимдүү, ден соолугу чың жана мекенчил духта тарбиялоо үчүн билим берүү программаларын жана дене тарбия иш-чараларын колго алуу.

·       Жалгыз бой энелер, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

·       Билим берүү жана маданият деңгээлин жогорулатуу, жаштар арасында чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүктү колдоо.

Инвестициялар жана ишкерлик

·       Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу.

·       Инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу жеке ишкерлерди жана долбоорлорду колдоо.

Инфраструктураны өнүктүрүү

·       Ички жолдорду оңдоо жана  калыбына келтирүү.

·       Көчөлөрдү жарыктандыруу системалары менен камсыздоо жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.

·       Жергиликтүү транспорттук жана коммуналдык тейлөөлөрдү натыйжалуу башкаруу.

Жашоо сапаты жана жарандык катышуу

·       Калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү, спорт жана маданий иш-чараларды уюштуруу.

·       Жергиликтүү тургундардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун камсыз кылуу.

Бул программа аймак тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга жана айыл аймагынын ар тараптуу, туруктуу өнүгүүсүнө багытталган. Жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу негизги артыкчылыктар катары каралат.

 

 

Начало формы

Конец формы

 

 

2-БӨЛҮМ. КАЛК

 

 

2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары

 

Категория

факт

күтүлгөн.

прогноз

2021 ж.

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж.

2027 ж.

Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам)

 

 

8055

8055

6396

6546

6800

Өсүш темпи %

 

 

 

 

0,41

0,41

0,63

анын ичинде аялдар

 

 

3994

2960

3047

3112

3421

Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам)

 

 

 

3300

3412

3533

3642

Өсүш темпи (%)

 

 

 

3,3

3,4

3,5

3,6

анын ичинде аялдар

 

 

 

1600

1650

1710

1800

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам):

 

 

 

120

120

125

138

Айыл чарба

 

 

883

903

913

925

932

Өнөр жай

 

 

 

9

9

10

12

Иштетүүчү

 

 

4

4

5

7

8

Электр энергиясы

 

 

4

4

4

4

4

Курулуш

 

 

36

46

63

84

92

Соода

 

 

120

120

125

138

150

Транспорт жана байланыш

 

 

15

18

23

32

38

Башка кызматтар

 

 

202

202

210

212

214

Калдыктарды кайра иштетүү

 

 

 

 

 

 

 

Жумушсуздардын саны (адам):

 

 

874

874

874

874

874

Өсүш темпи

 

 

 

 

 

 

 

анын ичинде аялдар

 

 

 

 

 

 

 

Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам)

 

 

25

25

23

20

18

Өсүш темпи

 

 

 

 

 

 

 

Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам)

 

 

969

969

960

892

801

Өсүш темпи (%)

 

 

9,6

9,6

9,6

8,9

8,1

 

2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо

 

Демографиялык жана социалдык-экономикалык абал

Ак-Сай айыл аймагында 6396 жаран анын ичинен 2960ы аял. 2024-жылда АТРге байланыштуу биздин калк 1820 га азайды. Анын ичинен 3300 и эмгекке жарамдуу. 2276 жаран иш менен камсыздалган. Айыл чарба тармагында 3 жаран иштейт.  Электр энергия тармагында 5 контролер, курулуш тармагында 128

Соода- 30, Транспорт жана байланыш- 30, башка тармактарда -500

Ошондой эле, жумушсуздардын саны Ак-Сай айыл аймагында ардайым көйгөй,  жаңы жумуш орундарын түзүү менен көйгөйлөр чечилбей келет. Иш издеп башка аймактарга же чет өлкөлөргө кеткендер көп. Акыркы жылдары Европа жана Америка сыяктуу өлкөлөргө миграция күч алууда.

Айыл чарба тармагында иштегендердин саны аз. Бул көрүнүшкө эгин бааларынын туруксуздугу жана коңшу мамлекеттерден келген жашылча-жемиштердин атаандаштыгы негизги себеп болду. Жергиликтүү дыйкандар өндүрүштүн чыгымдарын жаба албай, айыл чарба тармагында иштөө пайдасыз болуп калды.

Көйгөйлөр:

  1. Жумушсуздардын санынын көптүгү
  2. Мигрцияга кеткендердин көптүгү
  3. Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде тургандардын материалдык жардамга муктаждыгы
  4. Чек арадагы абалдын туруксуздугу
  5. Турак жай куруу үчүн жердин жетишсиздиги
  6. Жумуш орундардын аздыгы
  7. Ишкердикти баштоо үчүн билимдин жоктугу
  8. Элдер үчүн ыңгайлуу шарттардын жоктугу
  9. Кесиптик окуу жайларга жаштарды окутууга жөнөтүү

 

Калктын иш менен камсыздуулугун жогорулатуу чаралары:

1.     Айыл чарба тармагында инновацияларды колдоо:

a.     Жаңы технологияларды колдонууга багытталган окуу курстарын уюштуруу.

b.     Пайдаланылбай жаткан жерлерди иштетүү аркылуу дыйканчылыкка шарт түзүү.

2.     Жумушсуздукту кыскартуу:

a.     Жаштарды кесиптик даярдоого багытталган атайын окутуу программаларын ишке ашыруу.

b.     Аялдар үчүн тигүүчүлүк курстарын уюштуруу жана бул багытта жаңы жумуш орундарын түзүү.

3.     Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү:

a.     Инвесторлор үчүн шарттарды түзүү менен кайра иштетүүчү цехтерди жана логистикалык борборлорду ачуу.

4.     Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү:

a.     Айыл ичиндеги бала бакчалардын санын көбөйтүү. Айылда жашаган калктын жумуш менен алектенүүсүнө шарт түзүп, миграциянын азайышына көмөк көрсөтөт.

Бул чаралар айыл аймагындагы калктын жашоо шарттарын жакшыртууга, жумушсуздукту кыскартууга жана миграциянын терс таасирин азайтууга багытталган.