Редакцияот 24.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-бешик  айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын

кезектеги IV сессиясы

2025-жылы 24-марты №24

Алтын-Бешик  айыл Ѳкмөтунун жайыт Комитетинин 2025-жылга карата

жайыт акыга болгон тарифтерди бюджетин бекитуу жөнундө                                                                                   

          Алтын-Бешик  айыл Ѳкмөтунун Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2025- жылга иш планын жана тарифтери жөнундө .Жайыт камитетинин төрагасы .Б Закировтун  билдируусун угуп жана талкуулап, Алтын-Бешик  айылдык кеӊешинин VIII  чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

                                                                       Токтом  кылат.

1.Алтын-Бешик  айыл аймагынын    Жайыт комитетинин 2025-жылга карата түзүлгөн операциялык чыгымдарды жана жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн эсептөө 2025-жыл үчүн жайыт акы өлчөмдөрүнүн негизинде 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 361734,08

 миң сом чыгаша бөлүгү 361734,08 миң сом  

2. Жайыт комитетинин жайыт акыга болгон  тарифтери бир жылга төмөнкүдөй бекитилсин.

--мал башына ийри мүйүздүү малдарга 120  сом сезондук пайдаланууга ар бир айга      10 сомдон.

--кой эчкилерге 24 сом  сезондук пайдаланууга ар бир айга 2  сомдон.

--жылкылар үчүн 500 сом.  

3. Киреше бөлугу  361734,08  миң сом жана    Чыгаша бөлугу  361734,08  миң сом өлчөмундө  Б  Закировтун түзгөн сметасын тиркелсин.

4. Алыскы жайыттарга мал чыгарууга 1-июнга чейин тыюуу салынсын.

5. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Жайыт комитетинин төрага   Б. Закировко     жүктөлсүн.

6. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

Төрайым:

 А.Матраимова