Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 6-февралындагы №3/1 

 Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн 6 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн 6 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө Орто-Нура айылындагы мечиттин жанындагы муниципалдык менчикте турган 6 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.     Курулуш материалдар менен камсыз кылуу жагы Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.

3.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси К.Асанбековго тапшырылсын.

Төрага

С. Бектемир уулу