Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-январындагы № 12 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  17-апрелиндеги  № 8

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Абад айылындагы  Смарт дженирейшин коомдук фонду тарабынан таза суу чыгарылган суу скважинасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылынын тургуну Муктаров Турсунбай Шакапжановичтин жазган арызынын негизинде арабтар тарабынан таза суу чыгарылган суу скважинасы 0,16 га жер аянтын муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылындагы Смарт дженирейшин коомдук фонду тарабынан таза суу чыгарылган суу скважинасы 0,16 га ээлеп турган жер аянтын  муниципалдык менчикке кабыл алынсын.

2. Көрсөтүлгөн 0,16 га жер аянтын мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:  

 

 

   А.Ж.Маматсаева