САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 10
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керектүү иш кагаздарынын жана курулуш иштердин аткаруунун жүрүшү жөнүндө текшерүүнү жана подрядчынын өкүлү менен талкуулоону жүргүзүү, иштин иш жүзүндөгү көлөмү подрядчынын иш графигине ылайык аткарылгандыгын аныктоо максатында төмөндөгү курамда биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлсүн.
1.А.Атабекова - Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
топтун төрайымы.
Мүчөлөрү:
2. К.Кожояров - Жаш-Ленин, Аркалык айылдарынын айыл башчысы,
топтун мүчөсү;
3. Р.Сатаров - жер адис, топтун мүчөсү;
4. Абдивали кызы А - инвестиция адиси, топтун мүчөсү;
5. Абдыгапар уу Н - соц.адис, топтун мүчөсү;
6. Т.Өмурзаков - айыл тургуну, топтун мүчөсү;
7. С.Эрназарова - ата-энелер комитети, топтун мүчөсү.
2. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” тобуна Сайдыкум айыл өкмөтүндө курулган бардык курулуштарды көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттиндирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Маматсаева жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева
|