Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/10 

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан 0.05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан 0.05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан  0.05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.     Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Ийри-Суу айылынын айыл башчысы К.Дүйшөн уулуна тапшырылсын.

3.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу