Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  17-апрелиндеги  № 1

Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы №174-контурдагы 75,0 га жер жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын  кезексиз

XVIII – сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-Токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосуна ылайык,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча мыйзамдуу жагы каралып, аукционго коюу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өздөрүнө түз берүү жагы жер боюнча комиссияга сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу: 

 

 

    А.Ж.Маматсаева